Алишева: 100 балага акысыз мектеп формасын тиктирүү үчүн цех издеп жатабыз
100 балага акысыз мектеп формасын тиктирүү үчүн цех изделүүдө. Бул тууралуу "Балдарды коргоо борборунун" pr-адиси Бермет Алишева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, демилге аталган борбор тарабынан көтөрүлгөн.
"Балдарды коргоо борбору" тарабынан 100 балага мектеп формасын акысыз тигип берүү аракети көрүлүүдө. Учурда форма даярдоо үчүн тигүүчү цехтерди издеп жатабыз. Мектеп формалары "Дордой" менен "Ош" базарларында иштөөгө мажбур болгон жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет", — деди Алишева.
Ал "Балдарды коргоо борбору" 1998-жылдан бери жыл сайын колунда жок үй-бүлөнүн балдарына жардам көрсөтүлүп келерин кошумчалады.