Сочиде Россия президенти Владимир Путин жоокердик самбо боюнча VIII эл аралык турнирде кикбоксинг боюнча Бразилиянын төрт жолку чемпиону менен сүрөткө түштү.
Шейшемби күнү Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзаладан 493 адам жаракат алып, 25 киши каза тапкан.
Бразилияда жыл сыйын өтүүчү "Мисс Бум-Бум" сынагы башталды. Эң көркөмдүү жамбаш титулун алуу үчүн 500 кыз катышкан. Алардын ичинен 27 кыз финалга өтүп шаар ичинде фотосессия жасашты.

Кыргызстандыктар дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү айдын тутулганын көрдү. Күн өзүнүн көлөкөсү менен жандоочусу Айды толугу менен жаап калганда ал кочкул кызыл болуп көрүнөт. Айдын кийинки тутулуусу 2018-жылдын 31-январында болору күтүлүүдө

Найробидеги президенттик шайлоо учурундагы кырдаал

Омск (Россия) полигонунда өткөн эл аралык аскер оюндарынын алкагында "Рембат" атайын аскерий автотехникалары жана бронетанкалык куралдарды тейлөө боюнча кесиптик чеберчилик машыгуулары көрсөтүлдү.

Слэклайнер Кай Кенигштайн чебиндеги (Чыгыш Германия) Эльба дарыясынын үстүнөн тартылган аркандан көзүн таңып басып өттү

Сочиде Россия президенти Владимир Путин жоокердик самбо боюнча VIII эл аралык турнирде кикбоксинг боюнча Бразилиянын төрт жолку чемпиону менен сүрөткө түштү

Жаракат алып ооруканадан дарыланып чыккан киши. Ал Кениянын Кисуму шаарында полиция кызматкерлеринен таяк жегенин айткан.

Россиянын Новосибирск облусунда өткөн "аскердик чалгындоонун мыктысы" эл аларык сынагындагы Зимбабве аскерлери

Египетте эки поезд кагышты. Поезддердин бири Каирден, экинчиси Порт Саид шаарынан келе жаткан. Египеттин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктан 42 адам каза болуп, 170 адам жарадар болгон

Шейшемби күнү Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзиладан 493 адам жаракат алып, 25 киши каза тапкан

Пекиндин көркөм музейиндеги "Бүгүнкү келечек" көргөзмөсүнө келген көрүүчүлөр

Босния жана Герцеговина мамлекетинин Яйце шаарындагы шаркыратмадан секирүү боюнча эл аралык мелдештин катышуучусу

Аризонада өткөн оюндун алдында "Аризона кардиналз" футбол клубунун колдоочулары

Бразилияда жыл сыйын өтүүчү "Мисс Бум-Бум" сынагы башталды. Эң көркөмдүү жамбаш титулун алуу үчүн 500 кыз катышкан. Алардын ичинен 27 кыз финалга өтүп шаар ичинде фотосессия жасашты

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Миналда өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы саммитинин алкагында тышкы иштери министрлери менен

Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында Россия тарабынан эки учак белекке берилди. Аскер техникасын өткөрүп берүү салтанаты "Кант" авиабазасынын аймагында өттү. Учактар аскердик-техникалык колдоо көрсөтүүнүн алкагында берилди

Боровани (Чехия) шаарындагы зоопаркта багылган ак арстандар

Ямайкалык жеңил атлетчи Усэйн Болт жаракат алып марага жетпей жолдо жыгылып түштү

Американын Шарлотсвилл шаарындагы "Бириккен оңчулдардын" жүрүшү ызы-чуу менен аяктады. Генерал Линин эстелигин түрттүрүп салуу демилгеси менен чыккан антифашисттерди Chervolet Camaro унаасы тебелеп кетти. Бир нече адам жаракат алып бирөө көз жумган. Мындан улам жүрүшкө чыгууга уруксат алганына карабай оңчулдар саясий кыймылынын өкүлдөрү полиция тарабынан таратылган. Кийинчерээк полициянын вертолету да кулап, эки полиция кызматкери жаракат алганы айтылды. Жалпысынан 19 адам жарадар болгон.

"Тазалык" муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун айкелин жууп жатышат. Ар күнү таңда борбор калааны тазалоо үчүн 700 кызматкер жумушка чыгат

Ирландиянын Киллорглин фестивалы учурунда артисттер шаар аралап жүрүшкө чыгып, иш-чара ар кандай бийлер менен коштолот. Майрамдын кульминациялык учуру текеге таажы кийгизүү болуп саналат. Таажы эң күлүк жана көркөмдүү текеге ыйгарылат. Бул фестивалга 100 миңге жакын адам катышат
