"Зеленстрой" муниципалдык ишканасы эки көлмөнү тазалоо иштерин жүргүзгөн. Ал үчүн 11,5 тонна туз менен 2 тонна хлор кальцийи пайдаланылган.
Бөөдө кырсыктардын жана ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн аталган парк саат 8.00дөн 24.00гө чейин милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Мындан тышкары, октябрга чейин саат 12.00дөн 21.00гө чейин куткаруучулар иштейт.

Бишкекте мээ кайнаткан ысык августтун соңуна чейин сакталып турары айтылды. Ал эми калаа тургундарынын көбү жайкы эс алуудан кайтып келишти

Пионер жана Комсомол көлмөлөрү Кара-Жыгач багында жайгашкан

Сууга бепбекер эле түшүүгө болот

"Зеленстрой" ишканасы 15 жылдан бери быйыл биринчи жолу көлмөлөрдүн түбүн тазалады

Бул жерде милиция менен куткаруучулар иш алып барат...

...андыктан, эс алуу учурунда ар кандай терс маанайдагы нерселер болбошу керек

Активисттер эс алуучуларды таза болууга чакырат

Көлдө спирт ичимдиктерин ичип, тамеки тартууга тыюу салынат

Суунун жылуулугун айт, чиркин!..

Ысык-Көл эмес деңизчи, антсе да терини күндөн сактоочу кремдер ашыктык кылбайт

Аймактын кооздугу бир укмуш...

Кара-Жыгач токою 1881-жылы багбан Фетисов тарабынан негизделген

Жалпы аянты 180 гектарды түзөт
