Борбор калаанын түштүк аймагында Lexus 350 унаасынын айдоочусу Кайгуул милиция кызматкерлеринен из суутам деп көпүрөнүн тосмосун сүзүп токтогон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-канал аркылуу окуяга күбө болгон жаран билдирди.
Анын айтымында, авария 3-август күнү, болжол менен саат 04.10дор чамасында Юнусалиев менен Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Унаанын артынан милиция кызматкерлери кууп келе жаткан. Жүргүнчүлөр жаракат алса да баары аман", — деп жазган күбө.
Кайгуул милициясы кырсык болгонун тастыктап, эч кандай куугун болбогонун, айдоочу жөн гана рулга ээ боло албай калганын айтты. Жол тандабастын ичинде дагы эки киши болгону аныкталды. Учурда тийштүү экспертизалар дайындалганы белгилүү болду.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.