БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Балыкчы шаарында Ключевая жана Алиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги люкка эки мас киши түшүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 31-июль күнү эртең менен саат 7.00дөр чамасында болгон. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, жабырлануучуларды аркан менен алып чыгышкан.
Люкка түшүп кеткен эки киши 29 жаштагы тургундар экени белгилүү болду. Учурда абалдары жакшы.