БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылынын тургуну үйүн өрттөп жибергенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, үй ээси мындай кадамга мастыгы менен барган. Атайылап өрт койгонунун кесепетинен жалпы аянты 32 чарчы метр болгон эки бөлмөлүү там күйүп кеткен.