БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында шаршемби күнү эки киши сууга чөгүп кеткенин ӨКМден билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүндүн Ленин айылындагы көлмөгө 18 жаштагы бала саат 17.00дөр чамасында сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Куткаруучулар жана суучулдар издөө иштерин жүргүзүп саат 18.20да сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Мындан тышкары, Сокулуктун Талтак айылы аркылуу агып өткөн Чу дарыясына 26 жаштагы эркек киши чөгүп кеткени туурасында маалымат түшкөн. Куткаруу иштерине 6 куткаруучу тартылып табылган эмес. Издөө аракеттери бүгүн да уланат.