UFC Шевченко менен Нуньестин реванш-беттеши качан болоорун жарыялады

© AP Photo / Eric JamisonВалентина Шевченко менен Аманда Нуньес беттеш учурунда
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньес беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реванш-беттеш UFC 215 турниринин алкагында Канаданын Эдментон шаарында болот

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. UFC уюму Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин реванш-беттеши качан болоорун расмий түрдө айтты.

​Агы ылайык, мушкерлер UFC 215 турниринин алкагында 9-сентябрь күнү Канаданын Эдментон шаарында кармашат.

Эске сала кетсек, Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июль күнү болмок. Бирок кармашка саналуу сааттар калганда Аманда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн. 

Нуньес кыз-келиндер арасында жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2016-жылы америкалык Ронда Роузду утуп, чемпион аталган. Эки мушкер чемпиондук үчүн мушташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0