Топ-10. Кыргызстандын эң көп айлык алган депутаттары

Жазылуу
Жогорку Кеңештеги депутаттардын төртөө бир жыл ичинде миллион сомдон ашык каражат иштеп тапкан

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Мамлекеттик кадр кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын декларациясын жарыялады.

Эл өкүлдөрү өздөрү менен жакындарынын 2016-жылы тапкан кирешесин жана чыгашаларын декларацияда көрсөттү. Sputnik Кыргызстан агенттиги "эң бай" депутаттардын рейтингин түздү.

Дастан Бекешев

Негизги кызмат ордунан 1 миллион 124 миң 477 сом иштеп тапкан. Университеттеги кошумча жумушу үчүн 16 миң сом, майыптыгы үчүн алган жөлөк пулу 81 миң сомдон ашат жана 12 миң сомду компенсация катары алган. Батири бар. Жакын туугандары 48 миң сом алышса, салымдардан 1700 доллар табышкан. Негизги жумушунан 7 миң доллар табышкан.

Анвар Артыков

КР ССРинин Жогорку Советинин 1939-жылы өткөн III съездинин отуруму - Sputnik Кыргызстан
Союз мезгилиндеги жана азыркы депутаттардын 5 айырмасы. Тарыхый сүрөттөр
Эл өкүлү болуп кызмат кылганы үчүн 1 миллион 65 миң 324 сом тапкан. 68 жаштагы депутаттын пенсиясы 278 миң сомду түзгөн. Андан сырткары батирге, бир үйгө жана 1998-жылы чыккан Hyundai Sonata менен 2013-жылы өндүрүштөн чыккан Toyota Landcruiser автоунаасына ээлик кылат. Ошондой эле анын жакын тууганы 52 миң сом пенсия алганын жана үйү бар экени декларацияда көрсөтүлгөн.

Өмүрбек Бабанов

Айлык-акысы 1 миллион 38 миң 898 сомду түзгөн. Эл өкүлү салымдардан 6 миллион 113 миң 900 сом киреше көргөн. Бабановдун жеке машинасы жок болгону менен жалпы аянты 324 чарчы метр болгон үйү бар. Эл өкүлүнүн жакындары салымдарынын пайыздарынан 34 миллион 616 миң сом табышкан. Сатуудан 3 миллион 756 миң сом пайда көрүшсө, айлык акылары 2 миллион 682 миң сомду түзгөн. Ал эми жалпысынан 272 миллион сом сарпташкан. Туугандарынын үйү жана 2012-жылы өндүрүштөн чыккан Toyota Landcruiser автоунаасы бар.

Жаныбек Бакчиев

Депутат катары 1 миллион 33 миң 232 сом тапкан. Ошондой эле 7 миллион 500 миң сомдук белектерди алган. Андан сырткары 2011-жылы чыккан Toyota Highlander автоунаасы бар, бирок ал үй-жайы жок экенин декларацияда көрсөткөн.

Мыктыбек Абдылдаев

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев акыркы жылдары мугалимдердин орточо айлык акысы төрт жолу көбөйгөнүн айтты
Негизги жумушунан 997 миң 146 сом тапса, пенсия катары 714 миң сом алган. Депутаттын машинасы жок болгону менен үйү бар. Жакын туугандары эч нерсе иштеп табышкан эмес. Анткен менен батир жана 2015-жылы чыккан Toyota Camry автоунаасы бар.

Алмазбек Эргешов

Бир жылда эл өкүлү катары 994 миң 592 сом тапкан. Батири жана 2008-жылы чыккан Lexus LS460 машинасы бар экенин декларациясында көрсөткөн.

Динара Исаева

Депутат катары бир жылда 989 миң 191 сом айлык алган. Эл өкүлүнүн батири, дачасы, киши жашабаган имараты жана Lexus LX570 менен Lexus LS460 үлгүсүндөгү эки автоунаасы бар. Акциясын ишенимдүү башкарууга берген.

Өмүрбек Текебаев

"Ата Мекен" фракциясынын лидери эл өкүлү катары 987 миң 733 сом киреше тапкан. Мүлкү жок. Туугандары ишкерликтин арты менен 4 миллион 380 миң сом пайда көргөн. Алардын эки батири, миң чарчы метрден ашык киши жашабаган имараты, жер тилкеси, унаа токтотуучу жайы жана 2005-жылы чыккан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаасы бар.

Кожобек Рыспаев

Заседание президиума правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Даңгыт, келесоо, көк мээ... Парламентте балп эттирип "жылдызга" айланган депутаттар
Эл өкүлү катары былтыр 958 миң 680 сом каражат тапкан. 182 чарчы метрди түзгөн үйү, 2011-жылкы Lexus LX570 унаасы бар. Соода борбор менен кафени ишенимдүү башкарууга берген.

Мирлан Жээнчороев

"РАЖдын" депутаты 946 миң 492 сом маяна алган. Мындан сырткары, жарандык келишимдердин арты менен 550 миң сом, айыл-чарба продукцияларын сатуудан 70 миң сом пайда көргөн. Беш гектар жери бар. Туугандары келишимдерден 2 миллион 870 миң сом киреше таап, 800 миң сом чыгаша болушкан. Менчигинде 2012-жылкы Toyota Camry унаасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0