https://sputnik.kg/20170710/zhenil-atletchi-darya-maslova-dagy-bir-altyn-tagyndy-1034222276.html
Сүйүнчү! Дарья Маслова Азия чемпионатында дагы бир алтын утту
Сүйүнчү! Дарья Маслова Азия чемпионатында дагы бир алтын утту
Sputnik Кыргызстан
Ошол эле күнү эркектер арасында 10 чакырымда күч сынашкан Адилет Кыштакбеков марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды. 10.07.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-07-10T11:03+0600
2017-07-10T11:03+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102852/29/1028522974_0:216:1365:987_1920x0_80_0_0_16d86e0a0791f7924211cef11ea51a8f.jpg
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102852/29/1028522974_0:173:1365:1031_1920x0_80_0_0_804a7fcdb84346a9b12270efd1516828.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
спорт, кыргызстан, жаңылыктар, индия, дарья маслова, азия чемпионаты
спорт, кыргызстан, жаңылыктар, индия, дарья маслова, азия чемпионаты
Сүйүнчү! Дарья Маслова Азия чемпионатында дагы бир алтын утту
11:03 10.07.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ошол эле күнү эркектер арасында 10 чакырымда күч сынашкан Адилет Кыштакбеков марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Азия биринчилигинде дагы бир алтын тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын билдиришти.
9-июлда Индиянын Бхубанешвар шаарындагы өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыз-келиндер 10 чакырым аралыкка чуркаган. Анда кыргызстандык Дарья Маслова индиялык жана япониялык төрт жөө күлүктү артка калтырып марага биринчи келди.
Мекендешибиз бул аралыкты 32 мүнөт 21,21 секундада чуркап өткөн.
Андан сырткары, ошол эле күнү эркектер арасында 10 чакырымда күч сынашкан Адилет Кыштакбеков марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.
Мелдеш Индиянын Бхубанешвар шаарында өтүүдө.
Эске сала кетсек, 7-июль күнү аталган чемпионатта Дарья Маслова 5 чакырымда чуркап алтын медалга жеткен.