15:24 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Кыргызcтандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Азия биринчилигинде алтын медаль тагынды

Сүйүнчү! Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Азия чемпиону болду

© AFP 2019 / Dibyangshu SARKAR
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
9510

Беш чакырымдык аралыкты кыргызстандык спортчу 15 мүнөт 57,95 секундда чуркап өткөн.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызcтандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Азия биринчилигинде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Маслова 5 чакырымдык аралыкка чуркап, атаандаштарын артта калтырган.

"Жарыштар 6-9-июль күндөрү Индиянын Бхубанешваре шаарында өтүп, Маслова 15 мүнөт 57,95 секундда биринчи болуп марага келди", — деп жазылат маалыматта.

Экинчи жана үчүнчү орундарды Араб Эмирлигинин жана Индиянын спортчулары ээлешти.

Тема боюнча

Сүйүнчү! Дагы бир кыргызстандык балбан Исламиададан алтын медаль тагынды
Белгилер:
жөө күлүк, Спорт, Дарья Маслова

ЭҢ МААНИЛҮҮ