00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Абитуриент, шаарга "сиңип" кетүүгө аракет кыл!

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтында фотнага түшүп жаткан балдардын архивдик сүрөтү
Ала-Тоо аянтында фотнага түшүп жаткан балдардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип жайдын биринчи айынын акыркы күндөрүн жашап жатабыз. Бирок эмнегедир көл жээгине барып, жыргап-куунап эс алгандарды көрө элекпиз.

Анткени аба-ырайы жарытылуу жылый элек. Бүгүн дагы ала булут каптап, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери айтылды.

Нарында болсо чер жазууга сонун жагдай түзүлдү. Ат-Башы кызыл-тазыл боекторго боелуп, шырдак фестивалы өттү. Бул жылы VII ирет болуп жаткан иш-чарага өлкөнүн ар кайсы жеринен мен-мен деген уздар өз эмгектерин алып келишти.

Конок. Кечээ Бишкекке Россия Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин келди. Ал кыргызстандык кесиптеши Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуп, кыргыз-орус мамилелерин чыңдоо жана мындан аркы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан кийин Володинди мамлекет башчы кабыл алып, аны Кыргызстанга тез-тез каттап эс алып турууга чакырды.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит парламентской делегации России во главе с Вячеславом Володиным в Бишкеке
Визит парламентской делегации России во главе с Вячеславом Володиным в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Визит парламентской делегации России во главе с Вячеславом Володиным в Бишкеке

Суу каптоо. Кечээ кыргызстандыктар арасында жагымсыз жагдайга туш болгондор дагы болбой койгон жок. Мисалы, ЧЧКдагы суу көтөрүлүп, тегерегиндеги үйлөрдү каптады. 19-июндан бери Чүйдүн суу чарба башкармалыгы сугат иштери үчүн ЧЧКга берилген суунун көлөмүн секундуна 40 куб метрге чейин көбөйткөн. Анын натыйжасында Кара-Балта көчөсүндөгү №151, 151/1 жана 149 турак үйлөрүн суу каптаган. Дагы жакшы, ӨКМдин Бишкектеги башкармалыгы Чүйдөгү суу чарба башкармалыгына суунун деңгээлин азайтуу боюнча кат жөнөтүп, секундуна 32 куб метрге чейин азайтылган.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында бир үй-бүлө атасыз калды. 28-июнда 25 жаштагы айдоочу борбордук мечиттин аймагына жеткенде рулду оң жакка буруп жиберип, натыйжада кызматтык унаасынын жанында турган милиционерлерди сүзүп кетти. Эки буту сынып, ички органдары жабыркаган милиционер кырсыктан бир нече саат өтүп, ооруканада көз жумду.

Эми жакшы жаңылыктардан. "Ала-Тоо" аянтында 100 жыл мурун жашаган жана азыркы кыргызстандыктардын элеси чагылдырылган сүрөт көргөзмөсү ачылды. 

Интерактивдүү долбоорду Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу менен БУУнун балдар фондусу (ЮНИСЕФ), ошондой эле Бишкек мэриясы ишке ашырууда. Аталган долбоордо 1900-1990-жылдар аралыгындагы өлкөнүн ар аймагындагы балдардын жашоосу сүрөт аркылуу чагылдырылган. Муну менен катар учурдагы бишкектик кичинекейлердин сүрөттөрүн дагы көрүүгө болот.

Абитуриенттин эсине. "Ала-Тоодо" бул сүрөттөрдү көргөндөрдүн арасында шаардыктардан дагы абитуриенттер көп. Бактылуу келечекке тилек кылып, билимге суусап келген бүтүрүүчүлөргө шаардын жана студенттик турмуштун ыргагына бат аралашышы үчүн эмнелерди кылууга болбой турганын журналист Таалайгүл Усенбаева айтып берди.

Баса, бүгүн шаардын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. "Түндүкэлектр" ААКсынан билдиришкендей, өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу экен. Эмнеси болсо дагы чай кайнатып, көйнөк үтүктөп алууга жетиштиңиз деп ишенебиз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.90 (сатып алуу) жана 69.00 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Өлкөбүздө тынчтык болсун.

Баарыңыздарда аманчылык тилеп Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0