Атамбаев Мамдума делегациясын Кыргызстанда эс алып турууга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Россия Мамдумасынын төрагасы менен жолугушуу учурунда эки мамлекет ортосунда бир туугандык мамилелер орногонун белгиледи

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володинди Кыргызстанга тез-тез каттап эс алып турууга чакырды.

Вячеслав Володин башында турган Россиянын парламенттик делегациясы Бишкекке шаршемби күнү, 28-июнда келген. Мамдуманын төрагасы өзүнүн кыргызстандык кесиптеши Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кең чөйрөдө жолугушууларды өткөрдү. Андан кийин Володинди мамлекет башчы кабыл алды.

"Россиянын өкүлдөрү менен болгон ар бир жолугушуу өзгөчөлүү, анткени туугандарыңды көргөндөй болосуң. Бүгүнкү күндө эки мамлекеттин ортосунда бир туугандык мамилелер түзүлдү. Кыргыздар үчүн Россия түпкү мекенибиз, себеби биз Алтайдан болобуз. Жыл сайын биздин достук бекемделе бере турганына ишенем. Сиздерди көргөнүмө кубанычтамын, тез-тез келип биздин мамлекеттен эс алып кетип туруңуздар", — деп президент россиялык делегацияга кайрылды.

Мамдуманын төрагасы өз учурунда Атамбаевдин кыргыз-орус мамилелерин чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип кетти. Ал ошондой эле эки өлкөнүн парламенти кызматташууну күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0