ӨКМ: ЧЧКдагы суу көтөрүлүп, үйлөрдү каптады

Жазылуу
Учурда Чоң Чүй каналынын жээги бекемделип жатат

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Чоң Чүй каналындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, үйлөрдү каптады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, 19-июндан бери Чүйдүн суу чарба башкармалыгы сугат иштери үчүн ЧЧКга берилген суунун көлөмүн секундуна 40 куб метрге чейин көбөйткөн.

Сууга аккан сөөктөр. Сузактагы көрүстөн коопсуз жайга көчүрүлүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Сууга аккан сөөктөр. Сузактагы көрүстөн коопсуз жайга көчүрүлүп жатат
Анын натыйжасында, Кара-Балта көчөсүндөгү №151, 151/1 жана 149 турак үйлөрүн суу каптаган.

Бул боюнча ӨКМдин Бишкектеги башкармалыгы Чүйдөгү суу чарба башкармалыгына суунун деңгээлин азайтуу боюнча кат жөнөттү.

26-июнда суунун деңгээли секундуна 32 куб метрге чейин азайтылган. Ал эми суу каптаган аймактарда жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда Аламүдүн, Ала-Арча жана ички чарбалык каналдар дагы тыкыр көзөмөлгө алынганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0