Бишкектин бир катар бөлүгү 29-июнь күнү жарыксыз калат. Тизме

© Sputnik / Акылбек БатырбековКечки Бишкек. Архив
Кечки Бишкек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясы оңдоо иштерине байланыштуу берилбейт.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Эртең, 29-июнда Бишкектин бир катар бөлүгүндө жарык өчүрүлөрүн “Түндүкэлектр” ААКсы маалымдады. 

Строительство Нижне-Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 14 чакан ГЭС курулат. Инвесторлорго тендер жарыяланды
Билдирүүгө ылайык, эртең менен саат 9.00дөн кечки 18.00гө чейин “Туңгуч” жана 12-кичи райондорунда, Древесный, Жданов, Кирпичный, Правда, Шопоков, Үсөнбаев, Линейный, Шота Руставели, Рыскулов, Түлөбердиев жана Можайский көчөлөрүнө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. 

Мындан сырткары, “Көк-Жар”, “Мурас-Ордо”, "Красный строитель" конуштары жана Молдокулов, Шоокум, Керемет, Шапак, Чар, Адыр көчөлөрү, Берлик менен Адырдын кесилиши светсиз калат. 

Мындай үзгүлтүккө учуроолор электр куурларын оңдоо иштерине байланыштуу болууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0