БИШКЕК, 28-июн — Sputnik. Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг аталган социалдык тармактагы аккаунттардын саны 2 миллиардга жеткендигин билдирип, бул туурасында ал өзүнүн баракчасына жазган.
"Бул таңда Facebook тармагынын колдонуучуларынын саны расмий түрдө 2 миллиардга жетти! Биз элди бириктирип, максатыбызга жеттик. Эми алардын бири-бирине жакындоосуна жардам берели. Сиздер менен биргеликте бараткан бул жол мен үчүн сыймыктуу", — деп жазган Цукерберг баракчасына.
Facebook 2004-жылы негизделген. Аны түптөгөн америкалык бала ошол кезде 19 жашта болгон. Сайт алгач өзү окуган Гарвард университетинин студенттерди үчүн гана иштесе, эки жылдан кийин каалаган киши бул тармакка катталып, аккаунтун ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Компаниянын баш кеңсеси Менло-Паркта (Калифорния) жайгашкан. 2017-жылга карата Facebook кызматкерлеринин саны 18 770ке жеткен.