БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Кийинки айдан тарта Facebook өзүнүн телешоусун көрсөтө баштайт. Бул тууралуу Business Insider басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, социалдык тармак 5-10 мүнөттөн жана 30 мүнөттөн 1 саатка чейинки 20 долбоорду сунуштайт.
"Бул кадамдын арты менен Facebook компаниясынын жетекчилиги Snapchat менен колдонгон жаштарды өзүнө тартууну пландап жатат", — деп жазылат маалыматта.
Трансляция июнь айынын ортосунан тарта башталат.