Бишкекте бир жигит бычакталды. Кылмышка 17 жаштагы кыз шектелүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш жигит өз үйүнөн бычак жеген

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкекте 25 жаштагы жигит бычакталып өлтүрүлгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ билдирди.

Окуя тууралуу маалымат Свердлов РИИБге 27-июнь күнү саат 23.30дар чамасында түшкөн.

"Милиционерлер жигиттин өз үйүндө бычакталганын аныкташты. Тез жардамды күтпөстөн ооруканага жеткирүү аракеттери болгон. Кылмышка шектүү катары 17 жаштагы кыз кармалды", — дешти маалымат кызматтан.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0