БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Шаршемби күнү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 22…27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 24…29 градус, Ысык-Көл менен Нарында 16…21 градус жылуу болот.
Бишкек жанан Ош шаарларында жаан жаап, 27-29 градус жылуу болот.