"Народный" соода түйүндөрүндөгү азык-түлүктөрдүн салмагы кем чыгууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСоода түйүнү. Архив
Соода түйүнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган соода борборунун жетекчилигине катуу эскертүүлөр берилди.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. "Народный" соода түйүндөрүндөгү айрым азык-түлүктөрдүн салмагы товарда көрсөтүлгөн салмакка дал келбейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КРАзык-түлүктөрүнүн көлөмү товарда көрсөтүлгөн салмагынан 20 граммдан 250 граммга чейин жеткен эмес
Недовес товаров в сети супермаркетов Народный - Sputnik Кыргызстан
Азык-түлүктөрүнүн көлөмү товарда көрсөтүлгөн салмагынан 20 граммдан 250 граммга чейин жеткен эмес

Маалыматка караганда, мындай факты Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда аныкталган.

© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КРМындай көрүнүш шаар боюнча 11 "Народный" дүкөндөрүндө аныкталган
Недовес товаров в сети супермаркетов Народный - Sputnik Кыргызстан
Мындай көрүнүш шаар боюнча 11 "Народный" дүкөндөрүндө аныкталган

"Бишкек шаарындагы бардык ири соода түйүндөрүн текшерүүнүн натыйжасында "Народный" соода жайларынын азык-түлүктөрүнүн көлөмү товарда көрсөтүлгөн салмагынан 20 граммдан 250 граммга чейин жеткен эмес. Мындай көрүнүш шаар боюнча 11 "Народный" дүкөндөрүндө аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КРАталган соода борборунун жетекчилигине катуу эскертүү берилди
Недовес товаров в сети супермаркетов Народный - Sputnik Кыргызстан
Аталган соода борборунун жетекчилигине катуу эскертүү берилди

Аталган соода борборунун жетекчилигине катуу эскертүү берилгени белгиленген.

Ал эми соода борборунун адистери расмий жооп даярдалып жатканын маалымдашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0