Кыргыз тилин үйрөнүп, тойлордун көркүн ачкан нигериялык жигиттин тарыхы

© Sputnik / Жоомарт УраимовНигериялык тамада Акило Эджикеме Паскаль маек учурунда
Нигериялык тамада Акило Эджикеме Паскаль маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тойлордо жылдызы жанып, кыргыз тилин үйрөнүп, курсагын да тойгузуп, элдин сүймөнчүгүнө да айланып, самаган ишин биздин өлкөдөн тапкан нигериялык Акило Паскаль Sputnik окурмандары үчүн ой бөлүштү.

Калаадагы тойлордо меймандардын баары бул жигит ыр созгондо Атабеков ырдап аткандай бийге түшөт. Паскаль Мирбектин ырларын аткарганда тойдун күбөлөрү аны көккө көтөрүүгө даяр болуп калат.

— Журналист маек маалында чет өлкөлүккө узатпай кое албаган бир суроо бар: Кыргызстанга алгач келгениңизде сизди эмне таң калтырды?

Основатель туристического агентства Kyrgyz trips Алекс Супинский - Sputnik Кыргызстан
Еврей жигит Алекс: кыргыз айылдарын аралагандан кийин өлкөгө байланып калдым
— Бул жакта баары жашыл, баары кооз. Чындап эле шаар өсүмдүктөргө жыш. Бирок беш жыл мурункуга салыштырмалуу азыр бактар азайды. Нигериядан келген бирөөнү таң калтыруу татаал. Бирок ичимден далай ирет "Укмуш!" деп суктанган мүнөттөрүм болбой койгон жок.

Кыргызстандыктар абдан меймандос келет. Чет өлкөлүк экенимди унутуп, өзүмдү чоң апамдыкында же жакын досумдун үйүндө жүргөндөй сезем. Маданиятын жактырам. Этти абдан сонун даярдашат – этти эт менен кошо жешет, аркасынан даамдуу чай же улуттук суусундук жутасың, мындан артык эмне бар!?

Элдин маданияты жана үрп-адаты менен таанышкан соң, Кыргызстан жана Нигерия абдан окшош экендигине ынанам.

Бизде, Африкада да кызга калың берилет. Анан да этсиз тура албайбыз. Болгону даярдалыш ыкмалары айырмаланат.

— Кыргызстандыктар чет өлкөлүктөргө кызыгуу менен карашат. Бул сизге байкалдыбы?

— Чынын айтсам, өзүмдү өзгө катары сезбей калгам. Бул жакта көптөн бери жашайм, үйүм, ишим, сүйгөн кызым бар.

Бирок, кээде адамдар бөтөн экендигимди эске салып коюшат. Бир жолу базарлардын биринде эки бала терезеден баштарын чыгара: "Кара! Кара!" деп кыйкырган. Ошондон бери базарларды айланып өтөм.

— Эмнеликтен, Нигериядан бул жакка көчүп келүүнү чечтиңиз?

— Беш жылга жакын убакыт мурун тааныш кызым футбол ойноого чакыргандыгы үчүн келгем. Бир сезондой ойноп, ошол бойдон футболдон кеттим. Нигерияга кайтууга ниетим да жок эле, ресторандардын бирине ишке орноштум, официант болуп иштеп келем.

— Орус тилинде жакшы сүйлөйт экенсиз, тил үйрөнүү кыйынчылык туудурган жокпу?

Тамада Канай Анаркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Канай Анаркулов: музыкасыз той жакшы өтпөй калабы деп кооптонгом
— Бишкекке келгенче Россиядагы колуктулар шаары – Ивановодо жети жылча жашадым. Андыктан, тил көйгөйүн тарткан жокмун. Тескерисинче, бул жактан кыргызчаны да өздөштүрдүм.

Кебимде акцент абдан сезилет, сөздөрдү толук билбейм, бирок, айланамдагылар эмне жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнөм.

Өз үйүмдөгүдөй жүрсөм да, бул өлкөдө конок экендигимди жакшы билем. Ошондуктан, элдин маданиятын, салт-санаасын сыйлоого тийишмин. Жашашым, сүйлөшүшүм керек да кантсе да, эгер мага кыргызча кайрылышса, мен да жергиликтүү тилде жооп берем.

Айта албай же бир сөздү эстей албай жатсам, адамдар мени эч сыр бербестен, оңдоп же түшүндүрүп коюшат. Бир нече тил билүү мээге да пайдалуу деп ойлойм. Адамдар, өзгөчө жумушта кыргызча амандашсам, таңданышат, бул мага жагат.

© REUTERS / Жоомарт УраимовТамада Акило Паскаль: өз үйүмдөгүдөй жүрсөм да, бул өлкөдө конок экендигимди жакшы билем. Ошондуктан, элдин маданиятын, салт-санаасын сыйлоого тийишмин. Жашашым, сүйлөшүшүм керек да кантсе да, эгер мага кыргызча кайрылышса, мен да жергиликтүү тилде жооп берем
Шоумен из Нигерии Акило Эджикеме Паскаль - Sputnik Кыргызстан
Тамада Акило Паскаль: өз үйүмдөгүдөй жүрсөм да, бул өлкөдө конок экендигимди жакшы билем. Ошондуктан, элдин маданиятын, салт-санаасын сыйлоого тийишмин. Жашашым, сүйлөшүшүм керек да кантсе да, эгер мага кыргызча кайрылышса, мен да жергиликтүү тилде жооп берем

— Бир кесиптешим сиз алпарган тойго күбө болуптур, кыргызча да обон созупсуз.

— Официанттык ишимде музыкант Мирлан Алыкулов менен таанышып калдым, ал кыргызча сүйлөрүмдөн, ыр аткарарымдан да кабардар болду. Экөөбүз тойлор үчүн дурус бир бизнес долбоорун түздүк. Мен кызыл терилүү жигит, ал жергиликтүү ырчы, кош жылдыз болгонубуз таасирдүү чыгат.

Мирлан го ырчы. А менин сахнада эмне кылып жатканымды меймандар дароо аңдай беришпейт. Бирок, микрофонду колума алып ырдай баштаганымда зал дүрбөй түшөт! Кыргызча бир куплет созгонумдан кийин реп окуйм. Өзүм ырахаттанам, көрүүчүлөр ыраазы, мындан өтөрү барбы!

Кыргызча, айрыкча, "Эжеке", дагы бир нече элдик кайрыктар көңүлүмө жакын. Мирбек Атабеков да дурус, көрүүчүлөр анын ырларын аябай жакшы көрүшөт.

— Биздин тойлор боюнча эмне дейсиз?

Бармен одного из столичных заведений, иранец Реза Данай - Sputnik Кыргызстан
Ирандык ишкер: чет жактан келгендердин чөнтөгүн какканга маш экенсиңер
— Кыргыздын тоюнда дагы бир кичи үлпөт салтанаты уюштурулса, менимче, аны эч ким деле байкабай калат! Тойго тууган, дос, кесиптеш, коңшулардын баары күбө болот. Дасторкондо дүр-дүйүм тамак-аш. Тамада, артисттер, бий шоулары дайым чакырылат. Мындай салтанат үчүн кээ бирөөлөр насыя да алып, белектер менен аны жабышарын уктум!

Тойлордо мага жакканы – баары тартынбастан, эс алып, көңүл ачканы. Эже-байкелердин бийге түшкөндөрүн бир көрсөңүз эми.

— Бишкекте жашаганыңызга бир топ болуп калыптыр, биз менен бөлүшүүгө арзыган окуялар көп чыгар…

— Бир унутулгус учур бар, мага ал аябай таасир этти. Эки ишим бар: официантмын, андан тышкары, тойлордо ырдайм. Ресторанда кардарлардын өз ара кыргызча сүйлөшүп жаткандарын уксам, "Саламатсызбы?" деп кеп баштайм. Бири-бирине төп келген түгөйлөр менен ушинтип таанышып калдым. Кызыл терилүү жигит аларга кыргызча кайрылып жатса, албетте, алгач таңданышты. Ким жана кайдан экендигиме, бир туугандарым кайда, үй-бүлөм бар-жогуна кызыгышты. Өз таржымалымды: Иваново, мурдагы келинчегим, балам туурасында баяндап бердим. Каражат көйгөйүнөн улам, чүрпөмдү бир канча жылдан бери көрө элегим боюнча сыр бөлүштүм.

Ишенесиңерби, алар жакындарымдын мени көрүп, менден кабар алып кетиши үчүн билет алып беришерин убада кылышты! Бул көп акчанын башын жейт, ыңгайсыздандым, бирок, алар болбой туруп алышты. Карызга деп алайын дедим, ага да макул болушкан жок. Жакшы ишке себепкер болууну, мага жардамдашууну гана каалашканын айтышты.

Бир нече аптадан кийин чоң энем небереси менен меникине мейманга келишти. Шаарды кыдырдык, анан Ысык-Көлгө жөнөдүк. Туугандарым Кыргызстанга, бизге көрүшүүгө, бирге болууга мүмкүнчүлүк түзүп берген адамдарга суктана узашты.

© Sputnik / Жоомарт УраимовТамада Акило Паскаль: тойлордо мага жакканы – баары тартынбастан, эс алып, көңүл ачканы. Эже-байкелердин бийге түшкөндөрүн бир көрсөңүз эми
Шоумен из Нигерии Акило Эджикеме Паскаль - Sputnik Кыргызстан
Тамада Акило Паскаль: тойлордо мага жакканы – баары тартынбастан, эс алып, көңүл ачканы. Эже-байкелердин бийге түшкөндөрүн бир көрсөңүз эми

— Мындан ары эмне менен алектенүүгө ниеткерсиз?

— Кийим сатуу боюнча өз ишимди ачкым келет. Андан сырткары, той-салтанат уюштурууну да көздөп жүрөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0