Реза Данай Бишкекте 15 жылдан бери жашайт. Ал миллиондогон адам жашаган Тегерандан Бишкекке окуганы келип, окуп, үйлөнүп-жайланып, биротоло калып калган. Бул арада өзүнүн кичи ишканасын ачууга да жетишкен.
— Биринчи жолу маекке чакырсам Кыргызстанда жашоого уруксат берүүчү документтердин артынан жүрөм, тийиштүү кагаздарды алганга караганда ажыдаардын жумурткасын уурдоо оңой экен деп келбей койдуңуз эле. Иштериңиз бүттүбү?
— Мен мыйзам чегинде иш кылганды жакшы көрөм, пара бербей, Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултуп, арыз жөнөткөм. Сегиз айдан бери ошонун артынан чуркап жүрөм. Топтогон документтеримди Facebook түйүнүнө сүрөткө койгонум эсимде. Калың кагаздарды топтоп, паспорт бөлүмүнө алып барганымда анын жарымы жараксыз болуп чыкты. Арыздангым келбейт, бирок аракетиң акталбаса кейит экенсиң да.
— Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кандай кагаздар талап кылынат экен?
Мындай кыйынчылыктар Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да кездешет. Иранда соттолбогон тууралуу кагазды алуу үчүн Интерполго кайрылып, бул иш жети айга созулду. Күтүүгө аргасыз болдум. Бул убакыт өткөнчө Кыргызстанда чогулткан документтерим жараксыз болуп калыптыр. Эми кайрадан чогултуш керек. Аягына чыгам деп турам.
— Эмне себептен Ирандан Кыргызстанга көчүп келдиңиз эле?
— 2004-жылы атам Бишкекте иш ачам деп келгенбиз. Мен анда 13 жашта элем. Миллиондогон адам жашаган Тегерандан кийин Бишкек мага тырмактай шаар болуп көрүндү. Жергиликтүү элдин тилин таптакыр түшүнчү эмесмин. Көрнөк-жарнактан латын тамгаларын көрүп калсам сүйүнчүмүн. Жарым жыл эл ичинде дөөпүрөс болуп жүрдүм. Андан кийин тез эле көнүп кеттим. Иранда англис, фарси жана түрк тилин билсем, бул жактан кыргыз, орус тилдерин үйрөндүм.
— 2005-жылдын жаз мезгилинде биринчи революция болду, мекенге кайтуу ою болгон жокпу?
— Жок, андай ой келген жок. Ал кездеги окуялар элес-булас эсимде. Аянтта эл көп болчу, бирок ал Бишкек үчүн көп. Ал эми Тегеранда массалык каршылык акциялар убагында аянттагы элдин саны бир нече миллионго жетет.
— Чет элдиктерге арналган суроо: Кыргызстан, биринчи кезекте, эмнеси менен жакты?
Бишкек жашыл шаар экен. Көчөдө басып бараткаң, сейил бакта жүргөндөй сезилген. Дүкөнгө нан алууга барсаң дагы жагымдуу. Анан да мени дайыма тоноп кетүүгө аракет кылгандары аябай таң калтырды. Бирок мен өзүмдү коргогонду үйрөнүп, жергиликтүү элдин тилинде сүйлөгөнгө жетиштим.
Негизи эле чет жактан келгендерди аңкоо көрүп, чөнтөгүн кагып алуунун кыныгын алгандар көп экен. Товарлардын баасын кымбат сатканга аракеттенишет. Таксисттер ЦУМга жетиш үчүн мечитти айланып өтүп, акча жасайт. Азыр болсо менин эркин сүйлөгөнүмдү көрүп көп алдабай калышты. Бирок андай аракеттер токтобойт.
ГАИнин инспекторлору менен дагы урушуп кетем. Мен укугумду жакшы билем, эгер эреже бузсам, айып төлөйм. Бирок калп эле акча кагыш үчүн асыла берсе, акырына чейин күрөшөм.
— Жумуш табуу кыйын болгон жокпу?
Мындан тышкары, элге ролик тебүү үйрөткөн жайым бар. Көп акча тапкан жокмун, ашып кетсе бир жаңы ролик сатып алдым. Бирок кызыктуу адамдар менен тааныштым.
Дагы бир менин хоббим – бул страйкбол. Быйыл бул спорттун түрү боюнча үч аянтча ачтык: каалагандар келип ок ата алышат. Келечекте аскердик-тактикалык фестиваль уюштурууну пландап жатабыз. Бул боюнча мэрия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бир жыл мурун досум менен бар ачтым.
— Шаарда кафе-бардан көп нерсе жок. Бул канчалык деңгээлде өзүн актайт деп ойлойсуз?
Такай келген кардарларыбыз бар, мен аларды тамашалап "динозавр" деп коем, ачылгандан тарта келип чер жазып кетишет. Башка сайран курган жерлерге дагы барышат. Бул кадимки көрүнүш: адамда тандоо болуш керек. Кай жак жакса, салыштырып, бара берет.
— Кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болдуңузбу?
— Ансыз болбойт. Бар ачылгандан кийин бир нече жума өтүп, белгисиз жигиттер келди, милицияданбыз деп. Бардын дубалдарына кызыгып "тапанчанын огуна туруштук береби" де кетишкен.
— Анан?
— Тынч эле бүттү. Отуруп, отуруп, кетип калышты.
— Бишкекте бар ачкысы келип жаткан ишкерлерге жөндүү үч акылыңызды айтып коюңузчу. Күрөктөп акча таппаса да, банкротко учурабай тургандай болсун…
— Барды ачпай эле койсун(күлүп). Биринчиден, максат так коюлушу керек. Элди ылгабай баары үчүн ачылган жайлар жакшы жарнама менен алгачкы эки ай жакшы иштеши мүмкүн. Анан кызыгын жоготуп коет. Ошондуктан өзүнүн аудиториясын тандаш керек.
Анан ишке жан дили менен берилип, майын чыгара жасаш керек.