БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда насыя менен окутуу сунушталып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
"Билим берүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорунун демилгечиси Аалы Карашев бул сунушту коомдук талкууга койду.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Аалы Карашев
ЖК депутаты Аалы Карашев
Мыйзам долбооруна ылайык, студенттер жеӊилдетилген билим берүү насыяларын окусунун акысын төлөш үчүн алып, аны жогорку окуу жайды бүтүп ишке киргенден тарта кайрадан төлөй башташат.
Карашевдин айтымында, Кыргызстанда жогорку билим берүүнүн баасы көптөгөн КМШ өлкөлөрүнө караганда төмөн болгону менен, өлкөдө студенттерди каржылоо маанилүү маселелердин бири болуп турат.
Парламентарий өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө мамлекет тарабынан билим берүүгө каралуучу жеӊилдетилген насыялар боюнча мамлекеттик программалар бар экенин айтты.
Эгер аталган мыйзам долбоорун депутаттар колдосо, анда өкмөт билим берүүгө насыя кароонун жолдорун иштеп чыгат.