БИШКЕК, 21-июн — Sputnik. Борбор калаадагы "Кара Жыгач" конушуна түшүп жаткан курулуштардын биринде иштеп жаткан жумушчулардын бири каза болуп калды. Бул туурасында шаардык милициядан билдиришти.
Адам өмүрүн алган кырсык туурасындагы кабар милицияга бүгүн түшкө маал, саат 12:40та түшкөн. Жумушчулардин бири казып жаткан терең арыкка кулап кетип, аны таш аралашкан топурак басып калган.
"Ал киши жаракатынан улам ошол жерде жан берген. Азыр маркумдун ким экендиги такталып жатат", — деп билдиришти милициядан.
Колдо болгон маалыматтарга караганда, ал киши эмгек биржасында катталган.