Кадырбердиев: аялдар кадыр түндү үйлөрүндө тоскону жакшы
Аялдардын кадыр түндү үйлөрүндө тоскону жакшы. Бул тууралуу Муфтияттын аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кадыр түн учурунда кино көрүп, дүйнө сөздөрүн сүйлөөгө болбойт.
"Эркектер чогулуп, кадыр түндү мечиттен тоссо жакшы болот. Быйыл ар бир мечитте баяндар айтылып, лекциялар окулат. Ал эми аялдар кадыр түндү үйлөрүндө тоскону жакшы. Быйыл муфтият тарабынан да аялдар үчүн эч нерсе уюштурулган жок", — деди Кадырбердиев.
Ал мечитке бара албай калган эркектер кадыр түндү үйлөрүнөн тоссо болоорун кошумчалады.