00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШда намыс талашкан "baby" мушкер Баратов: акыры мекенге барып, балдарды машыктырам

© Фото / Тимур ШайлезовКыргызстандык боксчу Басызбек Баратов (оңдо). Архив
Кыргызстандык боксчу Басызбек Баратов (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендешибиз Басызбек Баратов Америкада бокс менен машыгып, профессионалдар арасында беттешип келет. Кыргызстандын бир жолку жана Москванын төрт жолку чемпиону буга чейин Россиянын атынан эл аралык мелдештерге катышса, эми Кыргызстандын атынан АКШда ат салышууда.

Океандын ары жагында Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчу менен кабарчыбыз маек курду.

— АКШда канча убакыттан бери машыгасыз жана бул жакка кантип келип калдыңыз?

— Бир жыл тогуз ай болуп калды. Бул жакка атайын чакыруунун негизинде Россиядан келгем. Анан алты ай жүрүп, кийин келишим түздүк. Азыр Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы Diesel Fit Boxing клубунда машыгып жатам.

— Алгач Кыргызстанда анан Россияда, мына эми АКШда машыгып беттештерге катышуудасыз. Кандай кыйынчылыктар бар экен?

— Он эки жашымдан бери бокс менен машыгам. Буга чейин Москвада спорт сүйүүчүлөр арасында күч сынашып, Россиянын атынан эл аралык мелдештерге чыгып жүргөм. Анткени 16 жашымдан бери ал жакта жашап, билим алгам. Америкага келгенден кийин профессионалдар арасында рингге чыга баштадым. Оңой эмес экен, бул жерге келгенде ар кандай кырдаалдарга даяр болуу керек экендигин сездим. Анан биздикиндей эптеп-септеп иш бүтүргөн жарабайт. Бул жерде спортко олуттуу мамиле жасалат. Алсак уйку, тамактануу өз маалында болушу шарт, машыгууда талаптар күчтүү.

— Келгенден бери канча беттеш өткөрдүңүз?

Боксчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рингде жеңилип көрбөгөн мушкер Акжол. Кийин Баткенге кайрылып келем
— Профессионалдар арасында төрт беттеш өткөрдүм. Анын экөө жеңиш менен аяктаса, бирөөсүнөн тең чыгып дагы бирөөсүндө утулуп калдым. Бул жакта рингге чыгып жеңүү оңой эмес. Бөтөн эл, бөтөн жер болгондуктан эч ким сага жардам бербейт. Иштеп өзүңө-өзүң шарт түзүшүң керек. Анткени келишимде айрым гана жеңилдиктер каралган. Мисалга, машыгуу залы жана спорттук кийим-кече, аспаптар менен гана камсыздайт. Андан сырткары кичине демөөрчүлөрдөн жана беттештерден акча түшөт. Азыр кудайга шүгүр, бардык эле спортчулар ушул жолду басып өтүшөт. Алар жок дегенде 10 беттеш өткөрүп, жыйынтык чыгарганча кыйналышат. Ошондон кийин гана көнүп, аты чыгып тааныла башташат.

My national anthem is always with me##🇰🇬🇰🇬👊🏽🇰🇬👊🏽##

Публикация от Kyrgyzstan🇰🇬 Djalal-abad (@basyzbek_) Май 13 2017 в 6:15 PDT

— Атаандаштык күчтүү бекен?

— Менин оюнча Америкада ар бир үчүнчү эркек бокс менен машыгат. Ошондой эле бул жакта сүйүүчүлөр арасындагыларга караганда профессионалдык бокс жакшы бааланат. Аны менен кошо атаандыштык да күчтүү. Менин келишимим үч жылга түзүлгөн, азыр бир жыл үч айы соңуна чыгып калды. Буюрса, эки беттеш өткөргөндөн кийин профессионалдар арасындагы рейтингдеги ордум белгилүү болот.

— Ал жакта спорт боюнча үйрөнө турган учурлар көп бекен?

— Америкалыктар бокс боюнча бир топ алдыга кетиптир. Атайын машыгуу үчүн Европа, Азия өлкөлөрүнөн Куба, Коста-Рикадан көп спортчулар келет. Алар спортчунун жаш курагына дагы анча маани бербейт экен. Мисалы, биздин шаарда 48 жаштагы чемпион бар. Бул жакта чогуу машыккандар 25 жаштамын десем "baby" деп тамашалап коюшат. Анткени 40-45 жашка чейин машыгып рингге чыгып жүргөндөр арбын.

© Фото / Chuck DieselАмерикада мушкерге ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жаткан кыргызстандык Тимур Шайлезов
Боксер из Кыргызстана Басызбек Баратов - Sputnik Кыргызстан
Америкада мушкерге ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жаткан кыргызстандык Тимур Шайлезов

— АКШда жашоо кандай, анан туулган жерди сагынган чыгарсыз?

— Үйлөнгөнүмө тогуз ай болду. Учурда перзент күтүп жаткан учурубуз. Кыргызстанды аябай сагынам, көздөн учат. Өзгөчө тамагын аябай сагынып шаарлардан биздин ашканаларды издейбиз.

— Спорттон сырткары эмне менен алектенесиз?

— Негизинен убакыт машыгууга кетет. Кол бошогондо такси айдап же башка майда-чүйдө жумуштарга иштейм. Анан сөзсүз, үй-бүлөгө убакыт бөлүп, англис тилин үйрөнмөй.

— Келишим аяктагандан кийин эмне кыласыздар?

— Азыр чемпион болгонго бардык аракеттерди жумшап жатабыз. Ошондой эле билим жана тажрыйба алып, балдарды Кыргызстанда машыктырсам деп жүрөм. Бир жарым жыл калды, эми убактылуу чемпиондук кур үчүн беттешем. Андан кийин Лос-Анжелес шаарындагы промоушн компания менен келишим түзсөм деп жүрөм. Ал жакта белгилүү боксчу Мэнни Пакьяо машыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0