Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атабаев: айт намазды эски аянтта окуу пландалууда

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев майрамдык намаз 07:30да башталаарын айтты
Атабаев: айт намазды эски аянтта окуу пландалууда

Быйыл орозо айт намазды эски аянтта окуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, орозо айт 25-июнь күнү деп белгиленген.

"Азырынча намазды эски аянтта окуу пландалууда. Бирок эртең мэрияда ушул маселе боюнча жыйын болуп, акыркы чечим кабыл алынат", — деди Атабаев.

Ал айт намазынын алдын ала түзүлгөн программасы төмөнкүчө болоорун айтты:

  • 06:30 — Баян айтуу башталат;
  • 07:00 — Муфтийдин куттуктоосу;
  • 07:20 — 07:30 Өкмөт өкүлдөрүнүн куттуктоосу;
  • 07:30 — Айт намазы окулуп башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0