"Ыйман" фондусу жоокерлердин руханий байлыгын жогорулатат

Жазылуу
Аталган аракеттер Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында жасалууда.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өлкө аймагындагы аскер бөлүктөрүндө кыска метраждуу тасмалар көргөзүлөт. Бул тууралуу "Ыйман" фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-июнда тарбиялык мааниси күчтүү төрт тасма Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы коргоо жана конвой департаментинин кызматкерлерине тартууланды.

"Иш-чара кызмат өтөп жаткан жоокерлердин руханий байлыгын жогорулатууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоого арналган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган иш-аракеттер Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында уюштурулууда. "Ыйман" фонду тасмаларды көргөзүүдө республикадагы бардык аскердик бөлүктөрдү камтууну пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0