00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Никелешүүгө байланыштуу 7 "болбойт"

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүНике кыйуу. Архив
Нике кыйуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш жубайлар баш кошуп жатканда никеге туруусу ислам дининде да, элдик салт боюнча сөзсүз жасала турган каада. Элибизде ата-энесинин батасын алып, ак никеге турган жубайлардын үй-бүлөсү бекем, көп балалуу болот деген түшүнүк кенен жайылган. Буга ылайык ар түрдүү ырымдар да орун алып келет.

Салттык негизге ылайык, жаш жубайларды никеге тургузуу учурундагы болбой турган нерселерди жазуучу, профессор Абдыкерим Муратов айтып берди.

Ата-эненин макулдугу жок нике кыйылбайт. Башкача айтканда, кыз алчу тарап болочок кудаларынын алдынан өтүп, кызынын колун сурап, анан гана балдарынын башын кошуп нике кыйдырган.

Нике күбөсү жок кыйылбайт. Салтка ылайык жаш жубайлардын никеси кыйылып жатканда сөзсүз жанында күбөлөр отурууга тийиш. Анткени алардын баш кошуп бирге түтүн булатабыз деген бири-бирине берген убадасына башкалар күбө болушу керек.

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кафе-ресторандардагы той-топурга байланыштуу 9 "болбойт"
Нике суусун күбөлөр жубайлардан озунуп ичпейт. Нике кыйылып жатканда чыныга таттуу суу куюп коюлат. Айтылган жакшы ой-тилектин баары сууда сакталат деп аны эки жашка ичиришкен. Андан соң жанындагы күбөлөр да таттуу суудан ооз тийишет.

Нике түнү эки жашка баласы токтобогон же таптакыр согончогу канабаган аял төшөк салбайт. Жаш жубайларга төшөктү сөзсүз кыз алып жаткан тараптын көп балалуу болгон келиндеринин бири салган. Мындан сырткары, жаш жубайлар балалуу болсун деген ниет менен салынган төшөккө кичине баланы оонатып койгон.

Жаш жубайларга жесир аял төшөк салбайт. Турмуштан жолу болбогон, күйөөсүнөн эрте калган аялдар да жаш жубайларга төшөк салган эмес.

Никеси жокторго өкүл ата менен өкүл эне коюлбайт. Өкүл ата жана өкүл энени баланын ата-энеси тандап койгон. Эгер эки жаш никесиз эле баш кошуп алган болсо аларга өкүл ата, өкүл эне коюлган эмес.

Нике түнү жаш жубайларга төшөк жука салынбайт. Жаш жубайларга төшөк калың салынып, жууркан, шейшептер таза жана жаңы болууга тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0