Акын Жолон Мамытовду эскерген ыр кече өтөт

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүП.Порошенко выступил перед офицерами на учебно-методических сборах в военном институте КНУ им. Шевченко
П.Порошенко выступил перед офицерами на учебно-методических сборах в военном институте КНУ им. Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акындын жубайы Меңди Мамазаирова концертти өткөрүүнүн максаты — анын ырларынын өлбөстүгүн даңазалоо экендигин айтты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жакында залкар акын Жолон Мамытовдун обондуу ырларынын концерти өтүп, жакындары, туугандары, поэзиясынын күйөрмандары эскерет. Бул туурасында акындын жубайы акын жана драматург Меңди Мамазаирова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ал чыгармачылык кече башкача формада өтөрүн айтты.

"Буга чейин Жолон акынга арналган мындай иш-чара өтө элек болучу. Анда поэзия окулат, андан соң ырчылар ошол эле тексттердин обонго салынган варианттарын аткарат", — деди Мамазаирова.

Уюштуруучулар концертти өткөрүүнүн максаты — акындын ырларынын өлбөстүгүн даңазалоо, анын эл арасында жашап жаткандыгын билдирүү экендигин айтышты.

Мамазаирова акындын ыр циклдерин кошкондо 60тай чыгармасына музыка жазылгандыгын айтты.

Дочь поэта и лирика Турара Кожомбердиева Нургуль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Акындын кызы: Турар Кожомбердиевди 30 жаштагылар билбей бара жатыптыр
Концертке Эл артисттери Каныкей Эралиева, Дарика Жалгасынова, Саламат Садыкова, андан сырткары Аскат Мусабеков, Кутман Жолдошев, Токтобек Асаналиев, Дилшат Кангелдиева жана башка бир топ ырчылар катышат.

Концерт Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 17-июнда болот. Билеттер театрдын кассасында сатылууда.

Жолон Мамытов кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири. Анын "Отту сүйөм" деген алгачкы ыр жыйнагы 1969-жылы жарык көргөн. Андан кийин "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол, кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары чыккан. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге да которулган. Жолон Мамытов ошондой эле таланттуу котормочу болгон. Чет элдик көркөм адабияттын өкүлдөрү Ф.Тютчевдин, А.Феттин, В.Маяковскийдин, М.Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0