00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Безопасность еды по правилам ЕАЭС: готов ли бизнес к новым требованиям
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Курулуш секторун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тармактагы эң чоң көйгөй кайсы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акындын кызы: Турар Кожомбердиевди 30 жаштагылар билбей бара жатыптыр

© Фото / из семейного архива Нургуль КожомбердиевойДочь поэта и лирика Турара Кожомбердиева Нургуль. Архивное фото
Дочь поэта и лирика Турара Кожомбердиева Нургуль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акындын элесин кичи мекени Сары-Булакта эскерилип жатат.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргыз элинин таланттуу акыны Турар Кожомбердиев көзү тирүү болгондо бүгүн 75 жашка чыгат эле. Бул зор таланттын ыр китептери акыркы ондогон жылдардан бери кайталап басыла элек. Ал эми совет учурунда чыккан китептери көзгө сүрткөн тумар сымал сейрек кездешип, ал тургай китепканалардан табуу кыйынга турат.

Кожомбердиевдин балдарга арнаган ырлары тарбиялык мааниси өтө зор жана пайдалуу экенин ар бир ыр күйөрмандарына белгилүү. Көпчүлүк балдардын суроосу менен 1977-жылы "Көлчүктөгү ай" экинчи жолу басылып чыккан экен. 

© Фото / из семейного архива Нургуль КожомбердиевойКыргыз элинин таланттуу акыны Турар Кожомбердиев
Поэт и лирик Турар Кожомбердиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз элинин таланттуу акыны Турар Кожомбердиев

Акындын кызы Нургүл Кожомбердиева бул боштукту толтурууга аракет кылып, атасынын китептерин кайрадан бастыруу үчүн чуркап жүргөнүн эшитип, аны кепке тарттык.

"Өзүңүздөр билесиздер, дүкөндөрдө кыргыз тилинде бөбөктөргө үчүн сапаттуу китептер жокко эсе. Атамдын чыгармаларынын арасынан эң алгачкы "Көлчүктөгү ай" китебин анын 75 жылдык мааракесине карата балдарга тартуулоо азыркы мезгилдин талабы деп ойлоп, бастырып жатабыз",— деди Нургүл Кожомбердиева. 

Ал "Көлчүктөгү ай" тогуз сериядан турган 24 барактуу китепче болуп чыгаарын кошумчалады. 

"Акынды 30-35 жаштагылардын көбү азыр билбей калыптыр. Биз айтпасак, коомчулукка таратпасак, алар кайдан билет. Ошондуктан 75 жылдык юбилейге арналган иш-чараны китебин чыгаруудан баштайлы дедик", — деп айтты ал. 

Нургүл Кожомбердиева китептерден сырткары акындын кичи мекени Сары-Булак айылындагы өзү чоңойгон үйдү калыбына келтирип, үй-музейге айлантууга ниеттенип жатканын билдик. 

Акын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турар Кожомбердиев көзү тирүү болгондо 74 жашка чыкмак
"Атам биздин айылда жүз жылдык тарыхы бар үйдө төрөлгөн. 80-жылдары ата-энесине үй салып берген болчу. Ал тамда 28 жылдан бери эч ким жашаган жок. Аны үй-музейге айландырып, урунган буюм-тайымдарын ошол жерге койсок деген тилегим бар. 5-10-жылдан кийин урунган буюмдарын да таппай калабыз", — деди Кожомбердиева. 

Бүгүн акын өзү жарык дүйнөгө келген Сары-Булак айылында эскерилип жатат. Жыл сайын анын элесине арналып веложарыш өткөрүлөт. Акындын атын алып жүргөн мектепти бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи жана аны эскерүү кечеси болот.

Турар Кожомбердиев Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулуп, 1989-жылы 48 жашында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0