Иш-чарага ири компаниялардын, мамлекеттик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын миңдей өкүлү катышты. Ошондой эле жетим балдар, студенттер, мектеп окуучулары, спортчулар да болду.
Жарандар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жөө жүрүш жасап, 7-апрелде жана Үркүндө каза болгондорду эскерип, гүлчамбар коюшту.
Бул иш-чара Тарых жана маданият жылына арналып, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин бир айлыгынын алкагында өткөрүлдү.