Стриптиз-бардагы түн, үй-бүлө жана саясат. Феликс Кулов Асел Минбаеваны суракка алды

© Sputnik / Эмиль СадыровИнтервью наоборот политик Феликс Кулов и журналистка Асель Минбаева
Интервью наоборот политик Феликс Кулов и журналистка Асель Минбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биз окурмандарга башкача өңүттөгү маектерди тартуулап келебиз. Бул рубрикабызда интервьюну журналисттерден саясатчылар алууда. Төмөндө Жогорку Кеңештин экс-депутаты, күч түзүмдөрүнүн ардагери Феликс Кулов Sputnik Кыргызстандын эң татына кабарчысы Асел Минбаева менен маек курду (бул журналисттин жеке пикири боюнча).

Бул жолкусунда Феликс Кулов алты беттен турган суроолору менен келди.

Феликс Шаршенбаевич буга чейин бир да ирет маек алып көргөн эмес. Бирок мурдагы ардагер милиционер сурак кандай болорун жакшы билет эмеспи.

Феликс Кулов: Бүгүн мага ары ардактуу, ары жооптуу вазийпа табышталып турат. Анткени, эч качан мындай ишти аткарган эмесмин. Өзү башкалардан интервью алган кишиден маек алууга тийиш болуп турам. Маңдайымда жакшынакай Асел Минбаева олтурат. Бул кыз туурасында кыскача айтып өтөйүн.
Асел Минбаева: Ошондой деңиз. Мени Феликс Кулов өзү тааныштырууда!

Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиев НТС каналынын Кайгуул ТВ программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеевден интервью алды. - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Иманалиев Азият Жекшеевден интервью алды. Мас кыздардан мамлекетке чейин
К.Ф.: Асел Минбаева — жаш, бирок жашоо тажрыйбасы бай кыз. Өспүрүм кезинде эле эмгектин даамын таткан. Тыйын кантип жана кандай табыларын жаштайынан үйрөнгөн. Дүкөндө кытай товарларын – компакт-диск жана арзан техника сатчу. Сатып алуучу арзыбаган акчага сапаттуу оокатка үмүттөнө албайт деген ойдо "соодагерлиги" үчүн жүзү кызарып деле койчу эмес. Бул мурдагы алып-сатардын чынчылдыгынан кабар берет…
М.А.: Абдан төмөндөгү, эң төмөнкү катмардагы алып-сатардын.

К.Ф.: КРСУ бүтүрүүчүсү, теледе 2009-жылдан бери иштеп, ири ишканада экономикалык баяндамачы болуп эмгектенген. Сабак да берген, ал тургай, стриптиз-барда да иштеген жайы бар.
М.А.: Бир эле түн, сюжет үчүн официант болгом. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат, лидер партии "Ар-Намыс" Феликс Кулов
Экс-депутат, лидер партии Ар-Намыс Феликс Кулов - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат, лидер партии "Ар-Намыс" Феликс Кулов

К.Ф.: Жолдошуңуз ал түнү жаныңызда беле?
М.А.: Жок, бирок ошол жердин ар жак-бери жагында жүрүп, абдан тынчсызданган. Ал жайга өзү жеткирип, аягында өзү алып кеткен. Ошол эксперимент мага караганда жолдошума чоң сыноо болду окшойт.

К.Ф.: Менимче, туура кылгансыз. Моюнга алайын, өмүрүмдө интервью алып көргөн жан эмесмин. Көбүнесе, суракка алчумун. Ошол себептен, эгер каршы болбосоңуз…
М.А.: Жактоочуга муктаж эмесминби?

К.Ф.: Жок, зарылчылыгы жок. Сурактын алдында адатта: "Чындыкты жана чындыкты гана айтууга ант бересизби?" – деп суралат.
М.А.: Бизде да ушинтип сурашабы?

К.Ф.: Сурашпайт, мен сурап жатам.
М.А.: Ант берем. Колумду эмненин үстүнө койсом… Sputnik логотиби бар чай идиши жарайбы?

К.Ф.: Ооба. Кандайча Новосибирскиде төрөлүп калдыңыз эле?
М.А.: Ата-энем Новосибирскидеги университеттерде окушкан. Экөө ал жактан таанышып табышат, анан мен жаралыпмын. Кыргызстанга окууну аяктаганда кайтышыптыр. Антпесе, ал жакта аябай суук, дайым ызгаардуу кыш эмеспи. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКорреспондент информационного агентства и радио Sputnik Асель Минбаева
Корреспондент информационного агентства и радио Sputnik Асель Минбаева - Sputnik Кыргызстан
Корреспондент информационного агентства и радио Sputnik Асель Минбаева

К.Ф.: Анкетаңызда үй-бүлөлүү экендигиңиз жазылган. Жолдошуңуз менен кышында таанышкан экенсиз. Кепкасын чечпегендиги үчүн алгач сизге жаккан эмес. Баш кийимин чечкенден кийин гана жактырып калгансыз. Менде мындай суроо: азыр дайым кепкасыз жүрөбү?
М.А.: Мен тууралуу мынчалык тыкыр окуп чыгарыңыз ойго келбептир. Тегин жерден укук коргоо органдарында иштеген эмессиз да. Азыр кепкасыз жүрөт. Тилекке каршы, ал баш кийими кайдадыр жоголуп кетти.

Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Светлана Акматалиева: президент Атамбаев атыман атап тосуп алганда аябай сүйүнгөм
К.Ф.: Купуя жазышкандарыңызды иликтеп чыкканымды ачык айтып коюшум керек. Анда мындай деп жазгансыз: "Келишимдүү эркек экен" деп койсом эле баары мени чымчылап, күйөөм бар экенин эске салышат. Эми эмне, сокур болуп калайынбы?".
Ал эми 4-майда жаныңызга жаш жигит таанышканы келип, сейилдөөнү сунуштаганын, ошол маалда: "Мага болбойт да, менин күйөөм залим, зулум эмеспи",  – депсиз. Чындап эле ушундайбы? Сиздин жазгандарыңызга караганда, ал абдан жакшы адамдай.
М.А.: Чындап эле мыкты киши. Аялдар эмне башка адамдардан кандайдыр бир эстетикалык рахат алса болбойбу? Бул сөзсүз түрдө келишимдүү мырза же сулуу аял болуш керек дегендик эмес, жөн гана кооз нерсеге көз салгың келет: эркек, аял, табият, коенек – эмне экени маанилүү эмес.

К.Ф.: Сизге кошулам. Андан ары да карадык – 7-февралда анкетаңызда саясаттан окчун экендигиңизди белгилепсиз.
М.А.: Ооба, ал чын.

К.Ф.: Бирок ошол эле жерде: "Ырасында мен президенттикке аттангым келет" дегениңизди окудук. Бирок шылдыңга кабылбаш үчүн муну тамашага айлантууга аракет кылыпсыз. Бирок ар бир тамашада анын үлүшү гана бар – калганы бүт чындык.

Соболум мындай: президент болуп калсаңыз, эмне кылмаксыз?
М.А.: Президент болмок эмесмин. Эч качан. Журналистикага алгач аралаша баштаганда мен билбеген нерсе жоктой сезилчү. Түшүнүктүү да, ээ? Бардык ууруларды иштен кууп, алардын ордуна жакшыларын алып келиш керек, ошондо бактылуу болобуз деп ойлочумун.

Азыр ал ойлорум өзгөргөн: адамдардын баары дурус эле, ар тармактан, ар кандай адамдар менен баарлашам. Ар бири өзүнчө жакшы, чогула калышса эле – баары башкача. Ошондуктан, система көйгөйүн чече албай келебиз. А буга менин күчүм жетпейт.

ЖК депутаты Айсулуу Мамашова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мамашова: бизде жаш, анан сулуу кыздарды экинчи аял кылып алышат
К.Ф.: Дагы бир жазууңузга көзүм түштү: "Кээде сөгүнбөй кое албайсың. Айрыкча, акыркы кездеги өлкөдөгү окуяларды жана айрым адамдардын макоолугун көргөндө…"
Серепчилер Кыргызстан мамлекет болуп түптөлө алган жок, кудуретсиз дешет. Сиз дагы ушундай ойдосузбу?
М.А.: Жок. Өлгөнү калдык дейбиз, бирок 25 жыл мурдагы мезгилди эстейличи… Көз карандысыздыктын алгачкы маалында чыккан гезиттерди окугам. Ошондогу жана азыркы кезде болуп жаткандарды сиз да билесиз – айырма чоң.
Анда жолдор начар, доктур пара алды же депутат келесоо деген маселе жок эле. Агезде жегенге тамак жок болчу. Эмне болуп жатканы түшүнүксүз, баары талкаланып, иш калбай, келечекке да ишеним жоголгон.
Ал эми азырчы? Ооба, көйгөйлөр бар, бирок баары жаман эмес да. Албетте, мамлекетибиз түптөлдү, кудуреттүү, куру дегенде буга келечекке ишенимдин пайда болгону деле далил.

К.Ф.: 10-январда: "Таптакыр өзүмө ишенген адам эмесмин. Дегеле башым катат", – деп жазыпсыз. Сизди карап, алган маектериңизди окуп, абдан жайдары адам экениңизди көрүп турам. Өзүңүздү өзүңүз жөн эле жамандап жатат окшойсуз…
М.А.: Жумушта отуруп алып "колумдан эч нерсе келбейт, бир киши убада кылып коюп жок, ойдогудай чыкпай калды, же мени сынга алышты" деп туталанып кыйкыра албайм да.
Ал эми үйгө келгенде шалбырап-шулбураган,тизеси чыккан шымчан эле күйөөмө: "мени эч ким жакшы көрбөйт, ушундай жаманмын мен" деп айтып ыйлактап алам. Ал далымдан сылап койсо, баары оңоло түшөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат, лидер партии "Ар-Намыс" Феликс Кулов
Экс-депутат, лидер партии Ар-Намыс Феликс Кулов - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат, лидер партии "Ар-Намыс" Феликс Кулов

К.Ф.: Учкай маектерди жактырбай турганыңызды айтканыңыз бар. Жаш, сулуу экендигиңизге карабай, сизге жагымсыз нерсеге өтөйүн.
Кайсы өлкөдө жашагыңыз келет?
М.А.: Кыргызстанда.

К.Ф.: Кандай сыйкыр күчкө ээ болууну самайт элеңиз?
М.А.: Көрүнбөстүк

К.Ф.: Сиз үчүн кайсынысы артык: патриархатпы же матриархатпы?
М.А.: Ушул экөөнүн гана бирин айтышым керекпи?

К.Ф.: Ооба, экөө эле.
М.А.: Анда патриархат.

К.Ф.: Мектепте сизге тийишкендер бар беле?
М.А.: Ооба-а. Кулактарым мо-омундай, калкандай болчу.

К.Ф.: Эмне деп чычалатышчу эле?
М.А.: "Аселя-Киселя" дешчү.

К.Ф.: Таарынчу белеңиз?
М.А.: Жок, моюн бербей,  алардын оозун жаптыра турган башка бир сөз  табыш керек болчу.

К.Ф.: Мушташкан учурлар болгонбу?
М.А.: Ооба, бирок мен дайым токмок жеп калчумун. Аябай кичине, арык болчумун. Бир да жолу жеңген эмесмин.

К.Ф.: Азырчы?
М.А.: Эми баары өзгөргөн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКорреспондент информационного агентства и радио Sputnik Асель Минбаева
Корреспондент информационного агентства и радио Sputnik Асель Минбаева - Sputnik Кыргызстан
Корреспондент информационного агентства и радио Sputnik Асель Минбаева

К.Ф.: Акыркы жолу качан жана эмнеге көз жаш төктүңүз?
М.А.: Негизи эле ыйлап-сыктап алганды жактырам. Мурдагы күнү эле адаттагыдай эле арзыбаган бир нерсе үчүн жашыдым окшойт. Так эсимде жок.

К.Ф.: Андай кезди жолдошуңуз кандай кабылдайт?
М.А.: Жөн гана башка бөлмөгө кирип кетет. Ыйлай-ыйлай бугумду чыгарып алганча күтөт. Бул чындыгында эң туура кадам.

К.Ф.: Эркек менен аялдын ортосунда достук барбы?
М.А.: Жок

К.Ф.: Жынысыңызды алмаштыргыңыз келеби?
М.А.: Жок.

К.Ф.: Келбетиңизден кайсы мүчөңүздү өзгөрткүңүз келет?
М.А.: Мурдумду жана эриндеримди. Ооба, бул тантыраган сөз деңизчи, бирок мен жөн гана аялзатымын да, журналдардан келишимдүү, тыпырайган мурундарды көрүп кызыгып кетем.

К.Ф.: Жан дүйнөңүзчү?
М.А.: Ооба, өзгөрмөкмүн. Бир аз токтоо тарткым келет.

К.Ф.: Мырзалардын кандай сапаттарын белгилейт элеңиз?
М.А.: Ишенимдүүлүк.

К.Ф.: Ал эми аялдарда?
М.А.: Ишенимдүүлүк.

К.Ф.: Жолдошуңузду көбүрөөк сүйөсүзбү же сыйлайсызбы?
М.А.: Сыйлайм.

К.Ф.: Эмнеликтен?
М.А.: Ал чынчыл, ишенимдүү. Сатып кетпейт жана эч кимге жамандык кылбайт.

К.Ф.: Эң сонун, айымдар суктангыла. Жаман адаттарыңыз барбы?
М.А.: Тамак жегенди жакшы көрөм. Аябай жактырам.

К.Ф.: Түндө дагыбы?
М.А.: Жок, түндө эмес, бирок жатарда тамак жеген боюнча эч кимди алдыга салдырбайм.

К.Ф.: Көп аялдуулукка кандай карайсыз?
М.А.: Колдобойм. Эгер күйөөм үйгө дагы бир аял алып келсе, токмоктор элем.

К.Ф.: Өзүңүздү кайсы өсүмдүккө жана жаныбарга салыштырасыз?
М.А.: Арча менен дельфинге.

К.Ф.: Бизде өлүм жазасынын киргизилишине макулсузбу?
М.А.: Жок. Кытайдагы өлүм жазасына тартуу боюнча тасмаларды көрүп, дайым күдүк боло берем. Бул киши чындап эле күнөөлүүбү? Азыр мейли, өлтүрүшсүн, а эгерде күнөөсүз болуп калсачы? Дегеле, бир адамдын башка бир кишинин өмүрүн кыйганга кандай акысы бар? 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат, лидер партии "Ар-Намыс" Феликс Кулов
Экс-депутат, лидер партии Ар-Намыс Феликс Кулов - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат, лидер партии "Ар-Намыс" Феликс Кулов

К.Ф.: Мунун баарын адам эмес, сот чечет. Баарын угат, салмактайт, анан өкүм чыгарат да.
М.А.: Сотпу? Сот деле адам эмеспи. Кудай эч качан сот боло алмак эмес, анткени, ал адамды бардык жагынан, бүт өмүрүн байкап турат. Ал эми сот адамдын жаман жагын гана көрөт.

Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу Гүлзат Карыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диктор Гүлзат Карыбаева: камера алдамчы, сулууларды серт көрсөтүп коет
К.Ф.: Маселен, көчөдө педофил бир баланы зордуктаганы жатат. Сиздин колуңузда тапанча бар…
М.А.: Атып салмакмын, 100 пайыз, кудай акы, ушундай кылмакмын. Бул аргасыз чара. Бирок эгер ал камакка алынган болсо, башкаларга залал келтиришине жол берилбесе, анда аны өлтүрүү адамгерчиликке жатабы? Бул абдан коркунучтуу, түшүнүп жатасызбы? Адамдардын алдында ал алсыз, анан аны аткылап жатышат. Менимче, буга жол берилиши башка адамдарды да чүнчүтөт.

К.Ф.: Акыркы окуган китебиңиз?
М.А.: Салман Рудшинин "Түн оокумунун балдары" (Дети полуночи). Тилекке каршы, сыналуучу нускасын окудум. Сатып да алган жокмун, көчүрүп алдым (ага акча коротуп жүрөмбү? Мен жеткен сараңмын да). Кызыктай мазмундагы, тек маанисиз китеп экен.

К.Ф.: Жолдошуңуз менен окуган китептериңизди талкуулайсызбы?
М.А.: Жок, күйөөм саясий китептерди жактырат, мен олуттуу мазмундуу адабиятты окуйм.

К.Ф.: Ал саясатчыбы?
М.А.: Жок, саясатчы эмес. Ага абдан кызыккан адам.

К.Ф.: Чыныгы мырза. Үйдө эркектер чогулганда кайсы тема көп талкууланат – саясатпы же аялдарбы?
М.А.: Алар саясатты талкууга алышат. Отуруп алып саясат, коом, өлкөнүн келечегинен кеп козгошот. Андай тема мени жадатып жибергендиктен блокнотту чиймелеп, ага сүрөт тартып отура берем.

К.Ф.: Өзүңүзгө өзүңүз кайсы суроону берер элеңиз?
М.А.: Өзүмө өзүмбү? Кызык экен, бул боюнча эч качан… Мен дайым баарына бир суроону сөзсүз берем: "Беш жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?".

К.Ф.: Кандай элестетесиз анан?
М.А.: Беш жылдан кийин өзүмдү мындай… "Эртең мени иштен кетиришсе, эмне кылам?" деп баш катырбай тургандай акчасы жетишерлик адам катары көрөм. Анан да, балдарым болсо дейм.

Депутат от фракции СДПК Эльвира Сурабалдиева во время интервью ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сурабалдиева: кыргыздарда тең укуктуулук илгертен эле болгон
К.Ф.: Бул адам өзүнө өзү айта турган эң сонун каалоолор. Алардын орундалышын каалайм, беш жыл күттүрбөй эле тез арада колуңузда топтоп койгон акчаңыз да болуп, сизди кубанткан балдарыңыз да жарык дүйнөгө келсин.
Сизди суракка алганым мен үчүн абдан жагымдуу болду. Журналисттер жашообуздун ар тармагын чага аларына, суроо эле узатпастан, жооп да бере ала тургандыктарына ынандым. Сизге ийгиликтерди каалайм. Бүгүн студиябызда Асел Минбаева аттуу сонун кыз болду.
М.А.: Абдан даярданыпсыз! Рахмат, аябай кызыктуу баарлаштык.

Жаңылыктар түрмөгү
0