Каныбек Иманалиев: — Адатта саясатчылардан журналисттер маек алат. Мен да бир кезде ошондой журналист элем. Акыркы интервьюмду 1994-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон алыптырмын. Ошондо сиз жети жашта экенсиз. Биринчи суроом, эгерде сиз Айтматовдон интервью алып калсаңыз, эмне деп суроо берээр элеңиз?
Азият Жекшеев: —Мен кыргыз тилин кантип жаңы тепкичке чыгара алабыз деп сурайт элем.
К.И.: — Маекке даярданып жатып, сиздин соңку телеберүүлөрүңүздү карасам, кээ бирлерин жарым миллиондон ашык адам көрөт экен. Сизди таланттуу журналисттердин бири деп баалайм. Кыргызстанда жол кырсыгынан жылына 1000-1200 киши каза таап, 10 миңдеген адам майыптыкка кабылат экен. Сиз баарын иликтеп жүрөсүз. Кыргызстанда мындай кырсыктардын көп болушуна ким күнөөлүү? Мыйзамбы, МАИ түзүмүбү, айдоочуларбы, жолубузбу же мамлекетпи?
К.И.: — Сиз Жогорку Кеңештин депутаты болуп калдыңыз дейли. Жол кырсыктарын азайтуу үчүн эмне сунуш кылат элеңиз, мыйзамдык кандай өзгөртүүлөр керек?
А.Ж.: — Бизде бул боюнча бардык мыйзамдар, нормативдик актылар жетиштүү. Ошолорду эле так аткарууну колго алмакмын.
К.И.: — Азият иним, сиздин телеберүүлөрдүн өзгөчөлүгү — сөгүнгөн, милицияны укпаган кыздар, бычакташкан аялдар туурасында көп берилет экен. Бул сиздердин кыз-келиндерге болгон өзгөчө мамилеби же акыркы учурда биздин эң наздуу жароокер аялдар чынында ушундай болуп кеттиби?
А.Ж.: — Биз аялдар же эркектердин артынан атайылап аңдыбайбыз. Болгон фактыны кандай болсо ошондой чагылдырганга аракет кылабыз. Эми алар көп чыгып калышына ошондой көрүнүштөрдүн бизде көбөйүп кетиши себеп го дейм…
К.И.: — 109 телеберүү жасадыңыз, анда кор болгондор да, күнөөкөрлөр да бар. Эки жыл ичинде сиз тарткан күнөөкөрлөрдүн канчасы мыйзам түрүндө жазасын алды деп ойлойсуз, же телеберүү менен кала бердиби?
А.Ж.: — Бул суроо көп берилет. Мен долбоорду (Кайгуул ТВ – ред.) жалгыз жасагандыктан, андан кийин эмне болгонун билбей калам. Ошон үчүн так маалыматты айта албайм, бирок айрым учурларда жабыркаган тарап "өткөндө силер чагылдырган окуя маселе жаратып, мыйзам чегинде болбой жатат" деп кайрылган учурлар болот. Биз, албетте, убакыт таап барып окуянын кийинки уландысын чагылдырганга аракет кылабыз.
К.И.: — Сиз алган багыт жалпы өлкөнүн бир эле багыты. Ошол эле учурда мамлекеттин жалпы абалын көрсөтүп турат. Өлкөдө сизди өкүндүргөн маселе кайсы деген суроом бар.
А.Ж.: — Ар бир маселенин, ар бир окуянын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Мисалы, Шалта айылында болгон окуяны жаңы эле чагылдырып келдим. 20-25 жаштагы кызды бир жаш бала коюп кетиптир. Өзү кыз болсо, түн ортосунда эмне жүрөт деп бир ойлоносуң, жолдо жалгыз-жарымдап жүргөнүнө эмне себеп болду экен деген дагы бир ой келет. Сүзүп алган бала жардам бергендин ордуна эмнеге качып кетти экен деген да ой турат. Дагы жакшы, милиция узатпай эле анын дарегин билип, унаасын тааптыр. Эми өзүн издеп жатышат. Аркысын тактай элекмин, түнкү иштен кийин уктап, эс алып, жаңы эле туруп келе жатам… Ушундай көп ойлор түпөйүл кылат. Ар бир окуяны чагылдыруу жөн өтпөйт, ал үчүн баары бир ойлоносуң, толгоносуң дегендей…
К.И.: — "Вечерний Бишкек" гезитине чыккан маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы автокырсыктардын 40 пайызы Кайгуул милициясынан качып жүргөндө болот экен… Мүмкүн алардын да күнөөсү бардыр?..
Мекен, өлкө, саясат тууралуу кеп
К.И.: — Эми маегибизди башка өңүткө бурсак. Кыргызстан деген бейиштей жерибиз бар. Аба, суу, табият, айтор, укмуш. Баласынан аяган таттууну мейманына берген укмуштай элибиз бар. А эмне үчүн экономикабыздын абалы ушундай?
А.Ж.: — Берешенбиз да, балким, ошондон уламдыр.
К.И.: — Суроомду анда бөлөкчөрөөк берейин. Биз "Манас", Чыңгыз Айтматов, тарыхыбыз менен сыймыктанабыз. Каганат курган элбиз. Кыргызстандын эмнеси үчүн уяласыз?
А.Ж.: — Мен Кыргызстандын эч нерсеси үчүн уялбайм.
К.И.: — Коррупциясы үчүн уялбайсызбы?
А.Ж.: — Коррупция үчүн уялам, бирок Кыргызстанда туулуп-өскөндүгүм үчүн сыймыктанам. Сиз айтмакчы, ошол коррупция менен күрөшүүгө өз салымымды кошууга аракет кылам.
К.И.: — Сиз салым кошуп жүргөн адамдардын бирисиз. Мыкты журналистсиз. Келечекте сапар алып АКШга барып, алардын президенти Дональд Трамптан маек ала турган болсоңуз, эмне суроо берет элеңиз?
А.Ж.: — Азырынча андай максат жок, ойлонбоптурмун деле. Бара турган болсом, суроомду даярдайм.
К.И.: — Анда реалдуулукка жакынараак келеличи. Президент Алмазбек Атамбаевге эмне суроо берет элеңиз?
А.Ж.: — Суроо эмес, сунушум бар. Эки жылдан бери ушул тармак менен алышып жүрөм. Андыктан президентке сиз деле жолго чыгып, жолдо кандай автокырсыктар боло тургандыгын өз көзүңүз менен көрбөйсүзбү деп сунуштайт элем.
К.И.: — Алмазбек Шаршеновичтин президенттик мөөнөтү төрт айдан кийин аяктайт. Ушул президенттик мөөнөттөгү жетишкендиги эмне деп ойлойсуз?
А.Ж.: — Журналист эмес, жаран катары пикирим — азыр бизде жашоо салыштырмалуу тынчыраак өтүп жатат. Албетте, өлкөдө саясий окуялар, жан кейиткен ар кыл кырсыктар болуп кетти. Бирок миллиондоп митингге чыккандар, төңкөрүш аракеттери байкалган жок.
К.И.: — Ал эми алты жыл ичиндеги жаңылыштыгы эмне болду деп ойлойсуз?
А.Ж.: — Өзүмдүн тармагым боюнча айтайын, жанагыдай кырсыктарга эл менен баарлашканы барбагандыгы мени бир аз ойлондурду.
А.Ж.: — Бир эле суроом бар — ага тагылып жаткан айыптын баары чынбы, ошону сурайт элем. Ушундай саясий ишмерлерди камап койгондо митингдер болуп кетип жатпайбы. Менин байкашымча туугандары, саналуу кишилер чогулуп калат. Эл көтөрүлдү деген сөздөр айтылат, бирок элдин антип көтөрүлгөндүгүн көрө элекмин. Бул бир гана Текебаев боюнча эмес, ким гана болбосун ушундай көрүнүш. Башка да саясий ишмерлердин канчасы кармалды, ошондо да эл көтөрүлдү деп айтылып, саналуу кишилерди эле көргөндөй болдум.
К.И.: — Текебаев камалгандан кийин 3чү жана 5-күнү 3,5 миңге чукул киши чыкты да.
А.Ж.: — Чыкты, бирок ошол 3,5 миң киши эмнеге аягына чейин турган жок?
К.И.: — Себеби, андан кийин Садыр Жапаровду колдогондорду камап салды. Кээ бирлери баласынан, кээ бирлери өзүнөн коркот… Текебаевди сурап жаткан тергөөчүгө эмне суроо берет элеңиз?
А.Ж.: — Мен ага суроо бербей, документтер менен таанышып чыгууну суранып, жагдайды өзүм иликтеп чыкканга аракет кылат элем.
К.И.: — Текебаев акталып чыкса, аны камаган иликтөөчүгө эмне деп айтар элеңиз?
А.Ж.: — Эмнеге таянып ишиңди аткардың деп сурайт элем.
К.И.: — Жакында президенттикке ат салышуу болгону турат. Мамлекет башчыга тиешелүү беш сапатты атасаңыз?
А.Ж.: — Бул суроого да жаран катары жооп берейин. Биринчиден, калкты ойлогон кайрымдуу, анан элдин кишиси болушу керек. Жогорку кызматта жүрсө дагы көйгөйлүү маселеси менен келгендерди кабыл алууну билген адам болушу шарт. Ал эл аралык аренада Кыргызстандагы алты миллион элдин жалгыз өкүлү болуп жатат. Кырсык болуп кетеби, эмне болуп кетет элдин жанында жүргөнүн каалайт элем. Ар бир кылган иши үчүн жооп бере турган сапатка эгедер болушу абзел.
А.Ж.: — Ата-энемден сурайт элем. Алар баласын жакшы болсун деп урушат да. Эгер анысын түшүнбөй, кээде катуураак сүйлөп алган мезгилдерим болсо, кечирим сурайт элем. Мен ата-энем менен абдан сыймыктанам. Аларды сыйлайм, алар үчүн тоодой жүк болсо да көтөргөнгө даярмын.
К.И.: — Үч балаңыз бар экен, алардын келечекте кайсы кесиптин ээси болушун каалайсыз?
А.Ж.: — Алар чоңоюп, кайсы кесипти аркалайм десе, өздөрүнүн эркине коем. Кызымдын улуусу актриса, ал эми экинчиси бийчи, ырчы болгусу келет. Кенже уулум топту жакшы тебет. Тилектерине жетишин каалайм.
К.И.: — Акыркы учурда окуган китебиңиз?
А.Ж.: — Китеп окуй элегиме көп болду, акыркы ирет америкалык жазуучу Майн Риддин "Башы жок чабендес" романын окудум.
К.И.: — Акыркы көргөн киноңуз?
А.Ж.: — Эсимде жок. Көптөн бери кино көрө элекмин. Менин ишим түнкү режимде болгондуктан, эртең менен келип уктайм. Туруп алып кайра ишке кетем.
К.И.: — Театрга соңку ирет качан бардыңыз эле?
А.Ж.: — Эки жыл мурда
К.И.: — Кайсы музыка көңүлгө жакын?
А.Ж.: — Мага жагымдуу чыккан музыканын баары жагат. Маселен, Гүлзада Рыскулованын ырдаган стили жакшы.
К.И.: — Кыргыздын күүлөрүнөн кайсынысын угасыз?
А.Ж.: — Күүлөрүбүз көп эмеспи, тандаган да оңтойсуз болуп калат го…
Иманалиев Азиятка эки ооз сөз менен жооп ала турган соболдорду узатты
К.И.: — Кыргызстан сиз үчүн эмне?
А.Ж.: — Алтын жерим.
К.И.: — Өмүр сиз үчүн эмне?
А.Ж.: — Жашоо
К.И.: — Сүйүү сиз үчүн эмне?
А.Ж.: — Жашоонун негизи.
К.И.: — Кудай сиз үчүн эмне?
А.Ж.: — Ишеним.
К.И.: — Манас сиз үчүн ким?
А.Ж.: — Тирек.
К.И.: — Өзүңүзгө канча жаш өмүр каалаар элеңиз?
А.Ж.: — Кудайым канча берсе…
А.Ж.: — Ар тараптан өнүккөн мамлекет деп элестетким келет…
К.И.: — Азыр Кыргызстандын чек арасын бузуп, бир айылга 20 террорчу кирип келди деген маалымат түштү. Сиздин биринчи реакцияңыз кандай болот?
А.Ж.: — Жоокер керек болсо, ошол жакка барганга аракет кылам.
К.И.: — Мылтык атканды билесизби?
А.Ж.: — Билем.
К.И.: — Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
А.Ж.: — Баскетбол.
К.И.: — Жаныңызга кимди алат элеңиз?
А.Ж.: — Ишенген жолдошторумду үгүттөйт элем.
К.И.: — Эгер түн болсо, таңга чейин канча адам топтой аласыз?
А.Ж.: — Аны так айта албайм, бирок биринчи кезекте өзүм үчүн жооп берип, жөнөп кете берем.
К.И.: — Сиздей жигиттер турганда чек арабызды эч кимге алдырбайбыз. Сизге жакшылык каалайм. Сиз кыргыздын руханий чек арасын коргоп турган жигиттердин бирисиз.
Аманчылык болсо, экөөбүз Sputnik Кыргызстандан 10 жылдан кийин, өнүккөн өлкөдө кездешүүнү ниет кылам.