БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Рогозин келгендиги тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Манас" аба майданынан аны вице-премьер Жеңиш Разаков тосуп алды.
Рогозин Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Мамлекеттер аралык аскердик-экономикалык кызматташтык комиссиясынын XV кеңешмесине катышуу максатында келди.
Иш-чара борбор калаада бейшемби күнү өтмөкчү.