БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата футбол фестивалы өтө турганын спорттун аталган түрү боюнча федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Иш-чара калктын социалдык аялуу катмарындагы 6-13 жаштагы балдар үчүн уюштурулган. Ага 300 жаш футболчу катышат.
Фестиваль федерациянын футбол борборунда өткөрүлөт. Аянт беш бөлүккө бөлүнөт. Алардын биринде БУУнун балдар фонду (UNICEF) жашы жете электердин укуктары тууралуу айтып, калган төртөөндө мелдештер уюштурулмакчы.
Конок катары келген наристелер үчүн батут орнотулат.
Келген балдар атайын сүрөт бөлмөсүнө кирип, "Керемет көчтүн" каармандары менен "селфи" жасаса болот. Ошондой эле Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары менен жолугуп, баланын укуктары жана футбол тууралуу викториналарга катыша алышат.