00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:49
10 мин
10:59
0 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Жайкы рекорд — кышкы сыноо: Кыргызстан энергетикасы күз-кыш мезгилине даярбы?
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бишкек шаардык соту 17-июлда абактагы ишкер Имамидин Ташовдун иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, буга чейин Ташов күнөөлүү деп табылган Кылмыш-жаза кодексинин 326 ("Бийликти күч менен басып алуу") жана 327-беренелери ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") боюнча өкүмдү күчүндө калтырды. Ал эми 378-берене ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча акталды. Натыйжада биринчи инстанция берген тогуз жылга эркинен ажыратуу жазасы бир жылга азайып, сегиз жыл деп белгиленди. Эске салсак, Биринчи май райондук соту былтыр 25-июлда Ташовду мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан. Жакточулары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө. Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, жыл башынан бери 109 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул салынды. Рейддин иштер министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жүргүзүлүүдө. Токтом менен эндуро мотоциклдеринин, квадроциклдердин жана автоунаалардын жайыт аймактарына көзөмөлсүз кирүүсүнө катуу тыюу салынган. "Түрдүү техникалардын жайыттарга кирүүсү көк шиберди талкалап, өсүмдүк катмарын бузат жана жердин табигый абалына олуттуу зыян келтирет", - деп айтылат маалыматта.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Дача-Суу айылында жайгашкан "Кыргыз Текстиль Хаб" өндүрүш комплексине барды. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана ата мекендик текстиль продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселелери каралды. Ошондой эле инвестиция тартуу, заманбап технологияларды киргизүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана текстиль менен тигүү тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. "Кыргыз Текстиль Хабын" өнүктүрүү өлкөдөгү өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, экспортту арттырууга жана Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын эл аралык рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Холокостту изилдөөчү борбордун төрагасы Яд Вашем Даян Дани Украинанын экстремисттик "Миротворец" сайтынын базасына киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды. Маалыматта "Яд ва-Шем" комплексинин башчысы Дани Даяна Украин улутчулдар уюмунун лидерлеринин бири Андрей Мельниктин кайра көмүлүшүн сындап чыккандан кийин Украинанын душманына айланганы айтылат. Сайтта ал "улуттар аралык кастыкты козутууга жана агрессиялуу пропагандага" айтыпталган. Украин улутчулдар уюмунун мүчөлөрү Киевдин алдындагы Бабий Яр аймагында жашаган еврейлерди жапырт кырып, тарыхта калышкан. 1941-1943-жылдар аралыгында бул жерде 150 миңдей киши атып өлтүрүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0