https://sputnik.kg/20260716/1102449567.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө макулдаштыКыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Өзбекстандын... 16.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-16T17:00+0600
2026-07-16T17:00+0600
2026-07-16T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/10/1102449401_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_04c813c792303562bb952dfb2bc520aa.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө макулдаштыКыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Өзбекстандын Ангрен шаарында жайгашкан "Ташкент" эркин экономикалык зонасына иш сапары менен барышты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын алкагында "Ташкент" эркин экономикалык зонасынын дирекциясынын директору Галибжан Эшмирзаев менен жумушчу жолугушуу өттү. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.Өзбекстан тарап кыргыз делегациясына эркин экономикалык зонанын ишмердүүлүгү, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар, ошондой эле колдонулуп жаткан салыктык жана бажылык жеңилдиктер тууралуу кеңири маалымат берди.
Чет өлкөлүктөр 6 000 сом менен эле унаасын караңгылатууга уруксат алышы мүмкүн Кыргызстанга чет мамлекеттерде катталган автоунаа менен убактылуу келген жарандар алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала башташы мүмкүн. Президентинин иш башкармалыгы иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, чет өлкөлүк номер менен келген унааларга Кыргызстанда мамлекеттик же убактылуу каттоодон өткөрбөстөн эле күңүрт айнекке уруксат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Азыркы тартип негизинен өлкөдө катталган транспорт каражаттарына гана колдонулат. Ошондой эле чет мамлекетте катталган унаалар үчүн күңүрт айнекке уруксаттын өзүнчө баасы сунушталууда. Кадимки жеңил унаалар үчүн жыйым 6000 сом, ал эми электромобилдер үчүн 400 сомду түзөт. Уруксат алты айга чейин жарактуу болмокчу. Учурда Кыргызстандын жарандары алдыңкы каптал айнектерди караңгылатууга уруксат алуу үчүн 50 миң, ал эми юридикалык жактар 70 миң сом төлөшөт.
Франциянын Авиньон шаарында өтүп жаткан Avignon Off 2026 эл аралык театр фестивалынын алкагында Кыргызстандын маданий кечеси уюштурулду. Борбор Азия күндөрү: Кыргызстан программасынын алкагында конокторго кыргыз театр искусствусу тууралуу видеопрезентация, улуттук көргөзмө, кыргыз ашканасы жана музыкалык программа сунушталды. Иш-чарага француз тараптын өкүлдөрү, театр адистери жана фестивалдын меймандары катышып, кыргыз маданиятына жогорку баа беришти.Фестивалда мамлекеттик "Учур" жаштар театры Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Бугу Эне" спектаклин тартуулайт. Спектаклдин премьерасы 16-июлда өтүп, көрсөтүүлөр 25-июлга чейин уланат.
Эл аралык рынокто алтындын баасы 4036 долларга түштүДүйнөлүк товардык рынокто алтындын баасы бир аз төмөндөп, ал эми күмүштүн наркы жогорулады.АЗЕРТАЖ агенттигинин маалыматына ылайык, Нью-Йорктогу COMEX товардык биржасында алтындын бир трой унциясынын баасы 15,5 долларга арзандап, 4036,3 долларды түздү.Ошол эле учурда күмүштүн баасы өсүп, бир трой унциясы 0,11 долларга кымбаттап, 57,55 долларга жетти.Эксперттердин баамында, баалуу металлдардын дүйнөлүк баасы инвесторлордун суроо-талабына, эл аралык экономикалык кырдаалга жана каржы рынокторундагы өзгөрүүлөргө жараша өзгөрүп турат.
Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө макулдаштыКыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Өзбекстандын Ангрен шаарында жайгашкан "Ташкент" эркин экономикалык зонасына иш сапары менен барышты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын алкагында "Ташкент" эркин экономикалык зонасынын дирекциясынын директору Галибжан Эшмирзаев менен жумушчу жолугушуу өттү. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.Өзбекстан тарап кыргыз делегациясына эркин экономикалык зонанын ишмердүүлүгү, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар, ошондой эле колдонулуп жаткан салыктык жана бажылык жеңилдиктер тууралуу кеңири маалымат берди.Чет өлкөлүктөр 6 000 сом менен эле унаасын караңгылатууга уруксат алышы мүмкүн Кыргызстанга чет мамлекеттерде катталган автоунаа менен убактылуу келген жарандар алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала башташы мүмкүн. Президентинин иш башкармалыгы иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, чет өлкөлүк номер менен келген унааларга Кыргызстанда мамлекеттик же убактылуу каттоодон өткөрбөстөн эле күңүрт айнекке уруксат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Азыркы тартип негизинен өлкөдө катталган транспорт каражаттарына гана колдонулат. Ошондой эле чет мамлекетте катталган унаалар үчүн күңүрт айнекке уруксаттын өзүнчө баасы сунушталууда. Кадимки жеңил унаалар үчүн жыйым 6000 сом, ал эми электромобилдер үчүн 400 сомду түзөт. Уруксат алты айга чейин жарактуу болмокчу. Учурда Кыргызстандын жарандары алдыңкы каптал айнектерди караңгылатууга уруксат алуу үчүн 50 миң, ал эми юридикалык жактар 70 миң сом төлөшөт. Франциянын Авиньон шаарында өтүп жаткан Avignon Off 2026 эл аралык театр фестивалынын алкагында Кыргызстандын маданий кечеси уюштурулду. Борбор Азия күндөрү: Кыргызстан программасынын алкагында конокторго кыргыз театр искусствусу тууралуу видеопрезентация, улуттук көргөзмө, кыргыз ашканасы жана музыкалык программа сунушталды. Иш-чарага француз тараптын өкүлдөрү, театр адистери жана фестивалдын меймандары катышып, кыргыз маданиятына жогорку баа беришти.Фестивалда мамлекеттик "Учур" жаштар театры Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Бугу Эне" спектаклин тартуулайт. Спектаклдин премьерасы 16-июлда өтүп, көрсөтүүлөр 25-июлга чейин уланат.Эл аралык рынокто алтындын баасы 4036 долларга түштүДүйнөлүк товардык рынокто алтындын баасы бир аз төмөндөп, ал эми күмүштүн наркы жогорулады.АЗЕРТАЖ агенттигинин маалыматына ылайык, Нью-Йорктогу COMEX товардык биржасында алтындын бир трой унциясынын баасы 15,5 долларга арзандап, 4036,3 долларды түздү.Ошол эле учурда күмүштүн баасы өсүп, бир трой унциясы 0,11 долларга кымбаттап, 57,55 долларга жетти.Эксперттердин баамында, баалуу металлдардын дүйнөлүк баасы инвесторлордун суроо-талабына, эл аралык экономикалык кырдаалга жана каржы рынокторундагы өзгөрүүлөргө жараша өзгөрүп турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/10/1102449401_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_220d24354ce12f6c56a7b3f8b9ed43a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио