БИШКЕК, 23-май. — Sputnik. Кытайдагы дзюдо боюнча Азия биринчилигине кыргызстандык 10 спортчу катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Дзюдо федерациясы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Гонконг шаарында өтө турган Азия чемпионаты 24-майдан 29-майга чейин өтөт. Мелдешке Отар Бестаев, Бектур Рысмамбетов, Жаныбек уулу Руслан, Владимир Золоев, Шахриер Идрисов жана Юрий Краковецкийлер күч сынашат. Ал эми кыздар арасындагы таймашка Ксения Бельдягина, Асель Мусабекова, Мээрим Момунова менен Айжан Кадырбековалар катышат.
Кыргызстандык дзюдочулар аталган биринчилике жолдомо алуу үчүн апрель айынын башында Түркияда өткөн Гран-при мелдешинде ат салышкан.