https://sputnik.kg/20260717/1102468715.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыктарын чыгарды... 17.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-17T17:00+0600
2026-07-17T17:00+0600
2026-07-17T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/11/1102468548_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dbc2226ca5787712fca1fad8f379d7e0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыктарын чыгарды. Ага министрлер кабинетиний мүчөлөрү жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.Анын айтымында, долбоордун жыйынтыгы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ачык-айкындуулугунун, кесипкөйлүгүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүндүк берди. Адылбек Касымалиев ачык-айкындуулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин көрсөткөн жетекчилерди белгилеп, айрыкча өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин, ошондой эле саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун ишин баса белгиледи. Финансы, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрликтеринин жетекчилеринин сапаттуу даярдыгы өзгөчө белгиленди. Ошол эле учурда министрлер кабинетинин башчысы мындан ары өркүндөтүүнү талап кылган айрым маселелерге, анын ичинде кээ бир министрликтердин жетекчилеринин коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү, жарандарга маалыматты жеткиликтүү жеткирүү жана аткаруучулук тартипти бекемдөө жаатында көңүл бурду. Ал жетекчинин ар кандай коомдук билдирүүсү жоопкерчиликтүү, салмактуу, кесипкөй болушу жана мамлекеттик кызматтын жогорку стандарттарына шайкеш келиши керектигин баса белгиледи.
Кыргызстандын көп аймактарында электр кубатынын жапырт өчүшүнүн себебин айтышып, азыр кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.Расмий маалыматка ылайык, 220 киловольт чыңалуудагы "Кара-Балта — Главная" жана "Главная — Шу" электр берүү линияларында авария болгон.Учурда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын кызматкерлери калыбына келтирүү боюнча иштеп жатканын кошумчалашты.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусундагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде транспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкек шаарындагы айрым кызматкерлер үчүн 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күнү деп белгиленди. Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтомуна ылайык, бул дем алыш күнү Бишкек шаарындагы мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү болот. Белгиленгендей, дем алыш күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт. Ошондой эле Бишкек шаарындагы жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине да кызматкерлерине бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен 2026-жылдын 1-сентябрында дем алыш күнүн берүү сунушталды. Аталган токтом 2026-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыктарын чыгарды. Ага министрлер кабинетиний мүчөлөрү жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.Анын айтымында, долбоордун жыйынтыгы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ачык-айкындуулугунун, кесипкөйлүгүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүндүк берди. Адылбек Касымалиев ачык-айкындуулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин көрсөткөн жетекчилерди белгилеп, айрыкча өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин, ошондой эле саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун ишин баса белгиледи. Финансы, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрликтеринин жетекчилеринин сапаттуу даярдыгы өзгөчө белгиленди. Ошол эле учурда министрлер кабинетинин башчысы мындан ары өркүндөтүүнү талап кылган айрым маселелерге, анын ичинде кээ бир министрликтердин жетекчилеринин коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү, жарандарга маалыматты жеткиликтүү жеткирүү жана аткаруучулук тартипти бекемдөө жаатында көңүл бурду. Ал жетекчинин ар кандай коомдук билдирүүсү жоопкерчиликтүү, салмактуу, кесипкөй болушу жана мамлекеттик кызматтын жогорку стандарттарына шайкеш келиши керектигин баса белгиледи.Кыргызстандын көп аймактарында электр кубатынын жапырт өчүшүнүн себебин айтышып, азыр кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.Расмий маалыматка ылайык, 220 киловольт чыңалуудагы "Кара-Балта — Главная" жана "Главная — Шу" электр берүү линияларында авария болгон.Учурда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын кызматкерлери калыбына келтирүү боюнча иштеп жатканын кошумчалашты.Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусундагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде транспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкек шаарындагы айрым кызматкерлер үчүн 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күнү деп белгиленди. Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтомуна ылайык, бул дем алыш күнү Бишкек шаарындагы мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү болот. Белгиленгендей, дем алыш күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт. Ошондой эле Бишкек шаарындагы жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине да кызматкерлерине бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен 2026-жылдын 1-сентябрында дем алыш күнүн берүү сунушталды. Аталган токтом 2026-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/11/1102468548_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_67d9c5f4536c39afcaf6013aa2fd2227.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио