00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:49
10 мин
10:59
0 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өндүрүштүн шаары – Кант. Кант шаары кайсы багыт менен өнүгүп жатат?
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
14 мин
Особый акцент
On air
14:15
60 мин
Ачык кеп
Жайкы рекорд — кышкы сыноо: Кыргызстан энергетикасы күз-кыш мезгилине даярбы?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жылдыз Малдыбаеванын артында калган жарык из
17:05
40 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:45
45 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Мундиаль-2026: Испания-Аргентина ким чемпион болот?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жайкы рекорд — кышкы сыноо: Кыргызстан энергетикасы күз-кыш мезгилине даярбы?
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кийинки жылдан тарта Кыргызстанда тамеки менен айкостун стиктеринин эң төмөнкү баасын 135 сом кылуу сунушталууда. Министрлер кабинети тамеки жана ысытылуучу тамеки продукцияларынын эң арзан дүң-чекене баасын 2029-жылга чейин этап-этабы менен жогорулатууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Долбоорго ылайык, кийинки жылдан тарта тамеки менен айкостун стиктеринин эң төмөнкү баасын 135 сом кылуу сунушталууда. Ал эми 2028-жылы 150 сом жана 2029-жылы 165 сом болуп белгиленет. Алардын эң арзан деген баасы 2026-жылы 120 сом болсо, былтыр 110 сом эле. Демилгечилер бул чара тамеки тартууну азайтуу, калктын ден соолугун чыңдоо жана бюджетке түшкөн салыкты көбөйтүү максатын көздөй турганын билдирди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязов Өзбекстандын тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Рустам Юсупов менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар геология, жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин карашты. Тараптар өкмөттөр аралык макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоого жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоого өзгөчө көңүл бурушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.
Кыргызстан менен Россия үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.Маалымдалгандай, анын негизинде Чүйдө жогорку сапаттагы үрөн өндүрүү жана селекциялоо боюнча биргелешкен чарба түзүлөт. Долбоор жаңы сортторду сыноого, технология алмашууга жана ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү Краснодар крайына болгон сапарынын алкагында, "АПК КубаньХлеб" ишканасынын өндүрүшү, тажрыйба талаалары жана заманбап үрөн даярдоочу завод менен таанышты.Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетовдун айтымында, Кыргызстанда россиялык селекциядагы күздүк буудайдын биринчи гибриддештирүү питомниги түзүлүп, ошондой эле өлкөдөн алгачкы жолу беденин үрөнү Россияга экспорттолду.
Иран Евразия экономикалык биримдигинин товарларына бажы алымын 20 пайыздан 4,5 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, Евразия экономикалык комиссиясында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин ишке ашыруу боюнча жыйын өткөн. Анда тараптар соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу, логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, төлөм жана камсыздандыруу механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле "Түндүк — Түштүк" эл аралык транспорттук коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашкан.ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев билдиргендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Ирандын соода агымы түндүк багытка көбүрөөк бурулуп, ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташуунун мааниси артууда.Эркин соода келишиминин алкагында Иран ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген бир катар товарларга бажы тарифтерин төмөндөтөт. Бул чара өз ара сооданы кеңейтүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0