https://sputnik.kg/20260716/1102445270.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Министрлер кабинетинин... 16.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-16T15:00+0600
2026-07-16T15:00+0600
2026-07-16T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/10/1102445104_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3813ccf8bc838a9b693d663a68fba3a8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолукту.Тараптар акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташтык активдүү өнүгүп жатканын белгилешти. Өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү 27 млрд долларга жеткени, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу жана башка маанилүү инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканы айтылды.Ошондой эле айыл чарба, саламаттыкты сактоо, транспорт, бажы инфраструктурасы жана экология багыттарын камтыган 11 ири долбоорду биргелешип ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди.Жолугушууда талкууланган маселелер алдыдагы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында каралып, эки тараптуу документтерди даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Анын кайрылуусун тарапташы Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасынан бөлүштү. Анда соңку кезде алдыдагы шайлоо боюнча ар кандай сөздөр айтылып, Ташиевдин да аты аралашкан жалган маалыматтар тарап жатканы белгиленген. Ошондой эле ал алдыдагы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдой турганын кошумчалады. Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам", — деп жазылган кайрылууда.
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун алгачкы 25 чакырымы толугу менен реконструкцияланып, кабыл алынып жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев соцтармактагы баракчасына жазып, видеосун бөлүштү. Анын айтымында, калган бөлүгүндө негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, соңку этаптагы жумуштар аткарылууда. "Долбоор толук аяктагандан кийин автожол II категориядагы төрт тилкелүү жолго айланат. Карама-каршы багыттардын ортосу тосмо менен бөлүнөт", — деп жазды министр. Эске салсак, жолдун реконструкциясы 2021-жылы башталган. Балыкчы — Бөкөнбаев участогунун узундугу 141 чакырымды түзөт, Караколго чейин 220 чакырымдан ашат.
АКШнын атайын кызматы вице-президент Жей Ди Вэнс үй-бүлөсүнүн муктаждыгы үчүн аскердик тик учактарды көп пайдаланарын айтып нааразы болду. Бул тууралуу өзнүн маалымат булактарына таянуу менен MS Now жазды. "Кызматтын агенттери Вэнстин үй-бүлөсүнүн акыркы мүнөттөрдө пландарын өзгөртүп жиберип жатканына тоюп бүттү. Бул кошумча түйшүк, дем алышка карабай коопсуздук планын иштеп чыгуу керек, андан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн капчыгына зыян келтирет", — деген интернет басылма. Маектеш мындай жагдай кадр тартыштыгын шартташы мүмкүн экенин белгиледи. Акыркы ирет Вэнс уулун гольф сабагына Marine Two тик учагы менен жеткирүүнү талап кылган. Бирок аба ырайы ага мүмкүнчүлүк берген эмес. Пентагондун 2022-жылга карата бюджеттик сметасына ылайык, аскердик тик учакты бир саат пайдаланууга элдин чөнтөгүнөн 16-24,6 миң доллар жумшалат.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолукту.Тараптар акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташтык активдүү өнүгүп жатканын белгилешти. Өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү 27 млрд долларга жеткени, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу жана башка маанилүү инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканы айтылды.Ошондой эле айыл чарба, саламаттыкты сактоо, транспорт, бажы инфраструктурасы жана экология багыттарын камтыган 11 ири долбоорду биргелешип ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди.Жолугушууда талкууланган маселелер алдыдагы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында каралып, эки тараптуу документтерди даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди.УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Анын кайрылуусун тарапташы Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасынан бөлүштү. Анда соңку кезде алдыдагы шайлоо боюнча ар кандай сөздөр айтылып, Ташиевдин да аты аралашкан жалган маалыматтар тарап жатканы белгиленген. Ошондой эле ал алдыдагы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдой турганын кошумчалады. Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам", — деп жазылган кайрылууда. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун алгачкы 25 чакырымы толугу менен реконструкцияланып, кабыл алынып жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев соцтармактагы баракчасына жазып, видеосун бөлүштү. Анын айтымында, калган бөлүгүндө негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, соңку этаптагы жумуштар аткарылууда. "Долбоор толук аяктагандан кийин автожол II категориядагы төрт тилкелүү жолго айланат. Карама-каршы багыттардын ортосу тосмо менен бөлүнөт", — деп жазды министр. Эске салсак, жолдун реконструкциясы 2021-жылы башталган. Балыкчы — Бөкөнбаев участогунун узундугу 141 чакырымды түзөт, Караколго чейин 220 чакырымдан ашат. АКШнын атайын кызматы вице-президент Жей Ди Вэнс үй-бүлөсүнүн муктаждыгы үчүн аскердик тик учактарды көп пайдаланарын айтып нааразы болду. Бул тууралуу өзнүн маалымат булактарына таянуу менен MS Now жазды. "Кызматтын агенттери Вэнстин үй-бүлөсүнүн акыркы мүнөттөрдө пландарын өзгөртүп жиберип жатканына тоюп бүттү. Бул кошумча түйшүк, дем алышка карабай коопсуздук планын иштеп чыгуу керек, андан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн капчыгына зыян келтирет", — деген интернет басылма. Маектеш мындай жагдай кадр тартыштыгын шартташы мүмкүн экенин белгиледи. Акыркы ирет Вэнс уулун гольф сабагына Marine Two тик учагы менен жеткирүүнү талап кылган. Бирок аба ырайы ага мүмкүнчүлүк берген эмес. Пентагондун 2022-жылга карата бюджеттик сметасына ылайык, аскердик тик учакты бир саат пайдаланууга элдин чөнтөгүнөн 16-24,6 миң доллар жумшалат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/10/1102445104_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9fd2b5ecc731000e3e4d8427b239e687.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио