00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
150 млн долларлык 12 инвестициялык келишим: ШКУ инвестициялык форуму Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү берди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолукту. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти. Анда эки тараптуу алака, Бишкек — Ош жолун реконструкциялоо долбоору менен Токтогул ГЭСинин реабилитациялоонун жыйынтыгы жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору талкууланган. Жолугушуу аяктагандан кийин фонд каржыланган эки инвестициялык долбоор боюнча келишимдерге кол коюлду. Алар — Ош облусунун калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу, экинчиси Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүңкү суу ташкындаткычын куруу боюнча документтер. Маалымат үчүн айтсак, аталган фонд менен кызматташуунун алкагында энергетика, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда долбоорлор ишке ашырылган.
Кыргызстанда күйүүчү майды сапат сертификатысыз ташып келүүгө убактылуу уруксат берилди Минкаб 2027-жылдын 1-апрелине чейин күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкөгө алып кирүүдө сапатка шайкештигин тастыктаган документти талап кылуу боюнча ченемди убактылуу токтотту. Чечимге ылайык, мурдагы токтомдун биринчи жана экинчи пунктуларынын күчү убактылуу токтотулат. Ошол эле учурда күйүүчү майды ташууда коопсуздук талаптары, жүккө коштолгон документтер жана ташуучу же жүк алуучунун салыктык каттоосун тастыктаган документтер милдеттүү бойдон калат.
Кыргызстан менен Россия үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, анын негизинде Чүйдө жогорку сапаттагы үрөн өндүрүү жана селекциялоо боюнча биргелешкен чарба түзүлөт. Долбоор жаңы сортторду сыноого, технология алмашууга жана ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү Краснодар крайына болгон сапарынын алкагында, "АПК КубаньХлеб" ишканасынын өндүрүшү, тажрыйба талаалары жана заманбап үрөн даярдоочу завод менен таанышты. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетовдун айтымында, Кыргызстанда россиялык селекциядагы күздүк буудайдын биринчи гибриддештирүү питомниги түзүлүп, ошондой эле өлкөдөн алгачкы жолу беденин үрөнү Россияга экспорттолду.
Иран ЕАЭБ товарларына бажы алымын 20%дан 4,5%га чейин төмөндөттү Евразия экономикалык комиссиясында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Анда тараптар соодадагы тоскоолдуктарды жоюу, логистиканы жакшыртуу, төлөм жана камсыздандыруу механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле “Түндүк — Түштүк” эл аралык транспорттук коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин талкуулашты. ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдин айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Ирандын соода агымы түндүк багытка көбүрөөк бурулуп, ЕАЭБ менен кызматташуунун мааниси дагы да өсүүдө.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 27 тыйынга юань 12 сом 92 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 80 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 үлгүсүндөгү май 89 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 94 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы 17-июль күнү абанын температурасынын кескин жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт жана суу ташкыны коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38...+43, Таласта +35...+40, Ысык-Көл облусунда +26...+31, Нарын регионунда +30...+35 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +40...+42,, Ошто +41...+43, ал эми Чолпон-Атада +26...+28 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0