БИШКЕК, 16 — май — Sputnik. Хакерлердин Shadow Brokers деп аталган тобу июнь айынан тарта бир катар өлкөлөрдүн ракеталык, өзөктүк программаларын элге жайылтып сала тургандыктарын убадалап жатат. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып жазды.
Буга чейин аталган топ АКШнын улуттук коопсуздук боюнча агенттигинин тыңчылык программасынын уурдалышына жоопкерчилик алган.
Алар браузерлерди, тармактык маршрутизаторлорду жана смартфондорду талкалап кирип, маалыматтарды билүүгө кызыккандарга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү убадалап жатышат.
Мындан сырткары Microsoft компаниясынын Windows 10 системасынын операциялык системасынын буга чейин эч ким билбеген аялуу жерлерин айтып берүүгө даяр турушат.
Microsoft өкүлдөрү аталган хакерлерге сокку урууга даярданып жаткандыгын айтышты.
Эске салсак, өткөн жуманын аягында Европа менен Азия мамлекеттериндеги бир катар компаниялар менен уюмдарга болгон киберчабуулдан улам мекемелердин иштери үзгүлтүккө учураган.
Аталган вирус бул аптада Кыргызстанга да жеткен.