Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин сүрөттөрүн колдоруна көтөрүп алып кичине балдардан тарта, улан-кыз, чоң ата, чоң энелерге чейин калаанын негизги көчөлөрүндө жүрүшкө чыгышты.
Акция шаардын түштүк жагында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталып, Абдрахманов көчөсүнөн (Байтик баатыр проспектиси) жүрүп отуруп, Фрунзе көчөсүнөн өтүп Жеңиш аянтына токтошкон.
Узундугу эки чакырымга жеткен жүрүштүн катышуучуларын кол чабуулар жана жакшы маанай менен тосуп алынды.
"Өлбөс полк" — 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык ири акция. Массалык жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн көтөрүп өтөт.
Бул акция бүгүн Кыргызстандын бир канча облустарында жана шаарларында да өттү.

Өлкөдөгү ири акциялардын бири болгон "Өлбөс полк" жүрүшүнө карата даярдык Бишкекте таң аткандан тарта көрүлө баштаган

Кыргызстандыктар жаш-карысына карабай эртең мененки саат 8:00дө согушка катышкан чоң ата, чоң энелердин сүрөттөрүн көтөрүп алып топко кошулуп жатышты

Бул портреттеги адамдар сиздин, менин, баарыбыздын бейпил турмушубуз үчүн от кечип, кан-жанын берген биздин улуу муундар. Бишкектин көчөлөрүндө көптөн бери мынчалык адам чогула элек болучу

Жакын адамынын сүрөтүн көтөрүп чыккан чоң эне

Хайруллин аттуу аскердин урпактары... Портретте гүлгүндөй жаш кези экен...

Орусу, кыргызы, татары, айтор баарынын башын бириктирген согуш... Алардын урпактары азыр да ийиндеше келе жатышат. Эми согуштун жаңырыгын да укпайлы...

"Өлбөс полктун" катышуучулары өздөрү да да чоң ата, эне болуп калышкан чагы... Кийинки муундар мындан ары ушинтип эскере бермекчи

Майрамдык маанай, жүзүндөгү жылмаюу менен "Өлбөс полктун" катышуучулары шаардын борбордук көчөсүнөн ылдый түшүп келе жатышты.Жүрүштүн узундугу 2,2 чакырымды түздү

Саргайган сүрөт, муңайым көз караш, жанга жай бербеген сагыныч...

Көп жашагылачы, кадырман карылар! Бирок согуш жылдарындагы оор күндөр көз алдында түбөлүк сакталып кала берсе керек

Бул аксакал согуш деген кандай апаат экенин жакшы билет

Акциянын катышуучуларынын көпчүлүк бөлүгү чогулгандан кийин алдыңкы катардагы аскердик унааларга ардагерлер отуруп жүрүш башталды

КРдин Эмгек сиңирген артисти Галина Кетова "Өлбөс полк" акциясынын алдыңкы катарында жүрдү

Мойтойгон бөбөк, улуу муундардын эскерүү сага аманат!

Аскер формачан кыздар "Өлбөс полк" акциясында. Балким, "Катюшаны" созуп жатышкандыр

"Өлбөс полктун" жолунда жайгашкан үйлөрдөгү жарандар кооздолгон балкондорунан кол булгалап жатышты

Кыргызстан. Бишкек. 9-май. Улуу Жеңиштин 72 жылдыгындагы "Өлбөс полк" жөө жүрүшү. Ага 50 миңге чукул адам катышты

Согуш талаасында аскерлердин жараатын таңып, жанын аман алып калган "медсестра" деген кесиптин ээсинин образы. Бул сүрөттө заманбап медайым турат

Ар бир адам эсте калаарлык көз ирмемди сүрөткө түшүрүп калууга аракет кылып жатты
