БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Бишкекте ысык суу 22-майдан баштап бир айга өчүрүлөрүн шаар мэриясы эскертет.
Калаа муниципалитетинин маалымат кызматы билдиргенине караганда, бул токтомго Бишкек мэри Албек Ибраимов кол койгон.
Жарандардын, социалдык мекемелердин өтүнүчү жана санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен ысык сууну бир айга өчүрүү 22-майга жылдырылган.