Sputnik Кыргызстан өткөн жумада дүйнө жүзүндө болуп өткөн кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.
Бишкектеги Эски аянтта Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлдөрү 1-май — Эмгекчилердин тилектештигинин Күнүнө карат митинг өткөрсө, Каракаста (Венесуэла) эл президент Николас Мадурого каршы көтөрүлдү.
Россиянын лидери Владимир Путин "Шайба"деп аталган олимпиадалык стадиондогу хоккей боюнча машыгуу учурунда хоккей ойносо, атактуу Голди Хоун менен Курт Расселдин ысымдары Голливудда "Даңк аллеясына" кирди.
Москвада Жеңиштин 72 жылдыгына карата даярдык катуу жүрүп жатса, "Звездные войны" тасмасынын каарманы метродо пайда болду. Хэнань аймагында (Кытай) бири-биринин бетине күл шыбаган карнвал өтсө, Бишкекте акробаттар талантын тартуулап, таймашты. Military Review фотограф аял Хильда Клейтондун өмүрүнүн акыркы секундаларында тарткан сүрөтүн жарыя кылды.
Москва метрополитенинде фантастикалык "Звездные войны" тасмасындагы каармандын пайда болушу көптөр үчүн күтүүсүз болду. Анын кийими өзгөчө таасир калтырды
Россиянын лидери Владимир Путин "Шайба"деп аталган олимпиадалык стадиондогу хоккей боюнча машыгуу учурунда. Бул жерге президент Эл аралык Олимпиада комитетинин ардактуу мүчөсү Жан-Клод Киллинин чакыруусу менен келген
Каракастагы (Венесуэла) нааразылык акциясына чыккан аял полиция менен кагылышуу учурунда. Колунда таш, башында каска. Массалык митинг 4-апрелден бери тынчыбай келет. Баарына күнөлүү баягы эле саясат
Greenpeace активисттери Эйфель мунарасынын жанында президенттикке аттанган Марин Ле Пенге каршы чыгып, балет артисттери тартылып жаткан фотосессия учурунда жазууларды көтөрүп туруп алышты
Хэнань провинциясында (Кытай) "Монихей" карнавалы сууга аралаштырылган күлдү бири-бирине шыбап жаткан учуру. Кытайда бул ийгилик алып келет деген түшүнүк бар
Монреаль. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун эки башка түстөгү байпактары. Кайсы кинотасма экендигин өзүңүз бир баам салып көрсөңүз болот. Сүрөт Ирландиянын өкмөт башчысы Таоисеак Энд Кенни менен жолугушуу учурунда тартылган
Америкалык Military Review журналы фотограф Хильда Клейтондин акыркы көз ирмемдери учурунда тартып калган сүрөттөрүн жарыялады. Ал аял 2013-жылдын июль айында Афганистанда каза тапкан. Ал машыгуу учурун сүрөткө тартып жатканда миномет капысынан жарылып кетип, беш киши каза тапкан. Аскерлерден сырткары дагы бир эркек киши, аскердик сүрөтчү да көз жумган