Россия: Жеңиш парадына 9-майда 130 миң адам катышат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСовместная тренировка пеших парадных расчетов войск Московского гарнизона к военному параду
Совместная тренировка пеших парадных расчетов войск Московского гарнизона к военному параду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парадга, көргөзөмөлөргө жана башка иш-чараларга 2000 аскердик жана атайын техника, учуучу 118 аппарат, 9 кеме пайдаланылмакчы.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн 130 миңден ашуун кызматкерлери 9-майда болуучу аскердик парадга даярданып жатат. Бул туурасында РИА Новости аталган министрликтин маалыматына таянып кабарлады. 

Анда парад, салют жана башка салтанаттуу иш-чараларга 2000ден ашуун аскер техникасы тартылары айтылган.

"Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга Коргоо министрлигинин 90 миңден ашуун, башка күч түзүмдөрдүн 40 миңге чукул аскер кызматкерлери катышат", — деп айтылат маалыматта.

Алардын бир бөлүгүн кадеттик корпустардын, "Юнармия" деп аталган аскердик-мекенчилдик кыймылдын өкүлдөрү жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери түзөт.

Парадга, көргөзөмөлөргө жана башка иш-чараларга 2000 аскердик жана атайын техника, учуучу 118 аппарат, 9 кеме пайдаланылат.

"Ири делген параддар Москва, Санкт-Петербургда өтөт. Жергиликтүү убакыт менен саат 10:00дө башталат. Ал эми саат 22:00дө артиллериялык куралдардан 30 залп менен салют атылат. Андан сырткары, көз жоосун алган фейерверктер болот", — деп билдиришти Коргонуу министрлигинен.

Москванын Кызыл аянтында болгон Жеңиш парадынан эсте калган көрүнүштөр
Аскердик парад Россиянын 28 шаарында өтмөкчү. Тизмеде баатыр шаарлар Волгоград, Керчь, Москва, Мурманск, Новороссийск, Санкт-Петербург (Ленинград), Севастополь, Смоленск, Тула бар.

Булардан сырткары, Астрахань, Белогорск, Владивосток, Владикавказ, Воронеж, Екатеринбург, Калининград, Новосибирск, Новочеркасск, Ростов-на-Дону, Самара, Североморск, Симферополь, Ставрополь, Улан-Удэ, Уссурийск, Хабаровск, Чита жана Түштүк-Сахалинск калааларында да аскердик параддар болот.

Салтанаттар Куралдуу күчтөрдүн аскердик бөлүктөрү жана бирикмелери жайгашкан 347 шаарда уюштурулат. Көп калааларда жоокердик ашканалар уюштурулуп, аскердик тамак-аш берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0