БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун "Адам адеби" аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган китеп үч бөлүмдөн турат.
"Биринчи бөлүм "Адамдагы асыл сапаттар", экинчи бөлүмү "Күнүмдүк жашоодогу адаптер жана эрежелер", ал эми китептин үчүнчү бөлүмү "Нускалар жана ибадаттар" деп аталып, адамдагы асыл сапаттар, адеп, жалпы тарбия тууралуу жазылган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган китепти Чубак ажы Жалилов окуп чыгып, абдан таасирленгендигин китептин башкы сөзүнө жазган.