Россия 2020-жылдын аягында коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын дүйнөдө биринчилерден болуп чыгарган. Аны Россиядан башка мамлекеттер дагы колдонуп жатат. Кыргызстан тараптан бул препаратка кызыгуу болуп, сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Садыр Жапаровдун расмий түрдө президенттикке киришүү иш-чарасы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Инаугурацияны уюштуруу боюнча комитет түзүлдү. 10-январь күнү өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79,2 пайыз менен атаандаштарын утуп алган.
Бул бөлүмдө Sputnik Кыргызстан агенттиги жыл ичинде өлкө аймагында болгон жол кырсыктарын жарыялайт.
Бишкекте 19-декабрь күнү Ахунбаев менен Каралаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта жарылуу болду. Мунун кесепетинен бир киши каза болуп, үчөө күйүк алып ооруканага жаткырылды. Ачык маалыматтар боюнча, ал имаратта курал саткан дүкөн жана сервис борбору жайгашкан. Жарылуунун себеби такталууда.
UFC 255 турниринде кыргызстандык чемпион Валентина Шевченко төртүнчү ирет титулун коргойт. Бул ирет анын атаандашы бразилиялык Женнифер Майя болмокчу. Беттеш 21-ноябрда (Бишкек убактысы боюнча 22-ноябрда) Лас-Вегаста өтөт.
Ушул эле иш-чарада октагонго Антонина Шевченко дагы чыгып, Ариана Липски менен кармашат.
17-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Анда президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү, элдик курултай өткөрүү жана башка жаңылануулар камтылган. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен катар уюштуруу сунушталган.
Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу өтүп жатат. Мелдештер 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланды. Жогорку лигада алты, ал эми биринчи лигада 12 команда катышты.
30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзаланын очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.
Жер титирөөдөн ондогон көп кабаттуу имараттар урап, өлүм учурлары катталды. Жабыркагандардын саны өсүүдө.
Кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) 22-октябрь күнү Бишкек шаарындагы спорттук клубдардын биринен колго түшүрүлгөн. Ага Кылмыш жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") айып коюулууда. 23-октябрда шектүүнү тергөө иштери бүткүчө камакта калтыруу чечими кабыл алынды.
БШК 21-октябрда Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоонун датасын 20-декабрь (жекшемби) деп бекитти.
Өткөн, 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин жокко чыгарылган.
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Ал
бажы органында коррупциялык системаны түзгөн деп шектелип келет. Матраимов бажы тармагын администрациялоодо көмүскө кирешелерди алып калууну көздөгөндүгү айтылат. Мындан улам мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү зыян келтирилген.
Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өтүп, алдын ала жыйынтыгы менен 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга тийген. Мындан улам утулган партиялар шайлоонун таза өткөнүнө күмөн санашты. 5-октябрда 8 партиянын башын бириктирген ири митинг "Ала-Тоо" аянтында башталды.
27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чектешкен аймагындагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуу башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Эки өлкөнүн тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону, аскерий техникалары жок кылынып жатканы айтылууда. Дүйнө коомчулугу буга тынчсыздануусун билдирип жатат. Кыргызстан дагы эки тарапты тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө чакырды.
Баку менен Ереван Тоолуу Карабахты 1988-жылдан бери талашып келет.
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитти. Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болот. Ага 16 саясий партия катышмакчы. Ал эми катталган талапкерлердин саны 2 032 экени белгилүү болду.
Россия пандемия башталгандан тарта Кыргызстанга жардамын көрсөтүп келет. Ал ПЦР-тест, реагенттер, коргонуучу каражаттар жана медициналык жабдуу түрүндө болду. Андан сырткары россиялык адистер, медиктер келди. Алар Роспотребнадзор менен РФтин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү эле.
Беларусь республикасында 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, бир адам көз жумду. Мындан тышкары, жүздөгөн адам кармалып, көп киши медицина кызматкерлеринин жардамына муктаж болгону айтылды.
4-августта Ливандын борбору Бейруттагы портто катуу жарылуу болду. Кырсыкка дээрлик алты жылдан бери сакталып турган 2 750 тонна аммиак селитрасы себеп экени айтылды. Анын кесепетинен 70тен ашуун адам каза тапты. Уранды алдында калгандарды алып чыгуу жана окуяны иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өтүп, эл Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын тандайт. Шайлоо күнү президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен аныкталган.
Мындан туура 40 жыл мурун СССРде, Москва шаарында Олимпиада оюндары өткөн. Батыш мамлекеттеринин бойкот жарыялаганына карабастан иш-чара жогорку деңгээлде болуп, даңазасы ушу күнгө чейин айтылып бүтпөй келет. Sputnik Олимпиаданын көп айтыла бербеген нерселерин талдап, окурмандарга сунуштоодо.
Кыргызстандын экс-муфтийи, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү Улуттук госпиталда үзүлгөн. Абалы кескин началап кеткени айтылды. Сөөгү кичи мекени Базар-Коргондун Бай-Мундуз айылында жерге берилет.